Дивергенция (тил илиминде)

Википедия дан

Дивергенция (тил илиминде) - 1) тилдин фонетикалык түзүлүшүнө жараша бир эле фонеманын түрдүү шартта түрдүү айтылышы (мисалы, күнгөй-күңгөй, түнкү-түңкү, танба-тамба жана башка); 2) эки же андан көп тектеш тилдердин же бир тилдин диалектилеринин өзгөчө социалдык-тарыхый шарттарга байланыштуу (миграция, башка тилдер менен катнаш, географиялык же саясий бөлүнүү) бири-биринен алыстоосу, өзгөчөлөнүшү. Дивергенция баба тил бир топ тилдерге бөлүнгөндөн кийин ошол тил тобунун калыптанышынын негизги жолу болуп саналат. Ал тил тармагындагы түрлөрдүн өз алдынча болушу аркылуу көп түрдүүлүгүнүн көбөйүшүн шарттайт. Дивергенция түшүнүгү бардык тил катмарларына таандык.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]