Дивизия

Википедия дан

Дивизия (лат. divisio – бөлүк) – көпчүлүк мамлекеттердеги ар кандай түрдөгү куралдуу күчтөрдүн негизги тактикалык бирикмеси. Дивизия жөө аскер, мотоаткычтык, танкалык, артиллериялык, авиациялык, аба-десанттык жана башка болуп бөлүнөт. Дивизия бир нече полктон (бригададан) же ар кандай түрдөгү батальондордон, атайын аскерлердин жана бөлүктөрүнөн жана бөлүмчөлөрүнөн турат. Аскер-деңиз флотунда дивизия 1-рангдагы бир нече кемеден же башка рангдагы кемелердин бир нече бригададан же дивизиондон турушу мүмкүн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1