Дидактика

Википедия дан

Дидактика ( грек. «didaktikos» — үйрөтүү «didasko» —изилдөө ) — Педагогиканын бир бөлүгү, билим берүүдө көйгөйлүү болгон маселелерди изилдейт. “Дидактика” термини тарбиялоо, билим берүү жана окутуу жөнүндөгү эмгектердин авторлору тарабынан XVII к-дан бери колдонулуп келе жатат. Мисалы, Я. А. Коменский (1592-1670) өзүнүн «Великая дидактика» (1967) деген эң чоң эмгегин жаратып, анда балдарды окутуунун принциптерин жана эрежелерин берген; феодалдык коомдун идеологиясы менен философиядагы, илимдеги жаңы идеялардын арасындагы курч күрөштүн XVII кылымга мүнөздүү шарттарында дидактиканы түзгөн, ал өзүнүн дидактикасында окумуштуу катары диндик идеологиянын таасиринен чыга албаса да өзүнө чейинки болгон алдыңкы идеяларды жыйынтыктап, тарбиялоонун жана окутуунун практикасына жол салган. дидактиканын өнүгүшүнө И. К. Песталоцци, А. Дистервег, Ж. Ж. Руссо, К. Д. Ушинский жана башкалар зор салым кошушкан. Бүткүл педагогика сыяктуу эле дидактикада адам коомунун өнүгүшүнүн ар кандай этаптарында мектеп алдына коюлуучу маселелерди чечүү менен тарыхый мүнөздө өнүккөн. == Окуу процесси ==шка, өз алдынча ойлонууга колдоно билгичтигин, окуучулардын билүүлөрүнүн башка жөндөмдүүлүктөрүн калыптандырууга, ойлонуп эмгектенүүнүн маданиятынын зарыл элементтерине ээ болууга жана дүйнөгө көз караштын негиздерин калыптандырууга багытталган мугалим менен окуучулардын өз ара байланышкан ырааттуу аракеттеринин жыйындысы. Окуу процесси билим берүүнүн максаты менен шартталып, өзүнүн төмөнкү компоненттеринин бири-бирине жасоочу таасирлери аркылуу мүнөздөлөт:

Дидактикадагы окулуп үйрөнүлүүчү эң негизги жана эң татаал кубулуш (объект) – окуу процесси болуп эсептелет. Ал эми окуу процесси болсо бул билимдерди, билгичтиктерди жана көндүмдөрдү сезимдүү жана бекем өздөштүрүүгө, аларды турму

  • Окутуунун, башкача айтканда окуу предметинин мазмуну (мында ар бир класстын окуучулары үчүн), илимдердин негиздери (билимдер системалаштырылып берилет);
  • Окутуу (сабак берүү), башкача айтканда мугалимдин ишмердиги (окуучуларды окууга кызыктыруу, окуу предметинин мазмунун баяндоо, окуучулардын ишмердигин уюштуруу, алардын өз алдынча эмгектенүүлөрүнө жетекчилик кылуу, билимдерин жана билгичтик-терин текшерүү);
  • Окуп үйрөнүү, башкача айтканда окуучулардын акыл жана күч аракеттерин өз ичине камтыган алардын ар кандай ишмердиктери;
  • Окутуунун материалдык каражаттары (окуу китептери, окуу куралдары, техникалык каражаттар, куралдар жана башка).

Окуучулардын билимдерди өздөштүрүүсүнүн жана акыл жагынан өнүгүүсүнүн эффектин максималдуу жогорулатуу үчүн окуу процессинин негизги ушул компоненттеринин бири-бирине туура байланышын таап аныктоо дидактиканын эң негизги проблемасы болуп эсептелет. Тарбиянын максаттары жана милдеттери жөнүндөгү философиялык окуу, таанып билүүнүн илимий теориясы дидактика үчүн методологиялык чоң мааниге ээ. Дидактика педагогика жана балдар психологиясы, жалпы психология жана жогорку нерв ишмердигинин физиологиясы менен тыгыз байланышта. Бул илимдердин ар бири өзүнүн областында баланын таанып билүү ишмердигинин процесстери жөнүндө билим берет. Ошондуктан балдарды окутуунун мазмунун жана методдорун окуп үйрөнүүгө чоң жардам көрсөтөт. дидактикалык эң ири көйгөйлөрдүү чечүүдө бул илимдерди чогуусу менен пайдалануу эң эле зарыл. Дидактикада изилденүүчү окутуунун жалпы закон ченемдүүлүктөрү айрым окуу предметтерин үйрөнүүнүн жана алар боюнча сабак берүүнүн конкреттүү өзгөчөлүктөрүн камтый алышпайт. Ал эми мугалимдер үчүн жалпы закон ченемдүүлүктөрдүн ар бир предметтерди окутууда ишке ашырылышынын конкреттүү жолдору өтө керектүү жана эң маанилүү. Бул маселелер предметтик дидактикаларда каралат. Окуу предметтерин окутуунун практикасында балдарга мамиле кылуунун, окутуу ишинин жолдорун жана каражаттарын тандап алуунун принципиалдуу бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу зарыл. Билим берүүнүн мазмуну жөнүндөгү, окутуу процессинин закон ченемдүүлүктөрү жөнүндөгү, окутуу ишинин эффективдүү методдору жана уюштуруу формалары жөнүндөгү эң жалпы илимий дисциплина катары дидактика дал ошол бирдиктүүлүктү гана аныктоого тийиш. Дидактикадагы таяныч терминдер: окуу; окутуу; окуучу; окутуучу; окутуу процесси; окутуунун максаты; билим берүүнүн (окутуунун) мазмуну; окутуу принциптери; окутуунун законченемдүүлүгү; окутуу методу; окутуу каражаттары; окутууну уюштуруу формалары; билим; билгичтик; көндүм; билимдерди текшерип баалоо; өнүгүү; таалим-тарбия.

Дидактиканын негизги милдеттери:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • окутуунун максаттарын жана милдеттерин аныктоо;
  • окутуу процессинин законченемдүүлүктөрүн аныктап чыгуу;
  • билим берүүнүн мазмунун аныктоо;
  • окутуунун эң эффективдүү методдорун жана уюштуруу формаларын иштеп чыгуу. Демек, дидактика төмөнкү суроолорго жооп берет:

Эмне үчүн окутуу керек?
Эмнени окутуу керек?
Кандайча окутуу керек?
Билим берүү теориясынын проблемасы дидактикада бардык аспектте каралат: жалпы билим берүүнүн мүнөзү, окуу планы, окуу программалары, окуу китептери. Бул проблема менен тыгыз байланышта сабак берүүнүн илимий деңгээлин жогорулатуу, поли- техникалык окуунун эмгек тарбиясын жана кесипчилик багыт берүүнү ишке ашыруунун, ошондой эле окутууда жана тарбиялоодо техникалык каражаттарды колдонуунун эң эффективдүү жолдорун аныктоо маселелерин иштеп чыгуу талап кылынат.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004,