Дидактикалык бирдиктерди ирилештирүү

Википедия дан

Дидактикалык бирдиктерди ирилештирүү - инсандын аң-сезимин өнүктүрүүнүн башкы шарты катары билимдердин бүтүндүгүнө жетишүүнү көздөгөн окутуу технологиясы. Дидактикалык бирдиктерди ирилештирүү Россия билим берүү академиясынын анык мүчөсү П. М. Эрдниев тарабынан мектептин математика курсунун мисалында иштелип чыккан. Дидактикалык бирдиктерди ирилештирүүнү колдонууда: өз ара тескери амалдар бир учурда окуп үйрөнүлөт; карама-каршы маанидеги түшүнүктөр салыштырылат; аналогия боюнча корутунду чыгаруу кеңири колдонулат; көнүгүү иштөөнүн этаптары жана маселе чыгаруунун жолдору салыштырылат жана башкалар. Мында окутуу төмөнкү схема боюнча жүргүзүлөт: 1. Бөлүктөргө ажыратылбаган бүтүн нерсени алгач өздөштүрүү;

2. Бүтүндүн элементтерин жана алардын өз ара катнаштарын ажыратып көрсөтүү;

3 Элементтерди жана алардын өз ара катнаштарын өздөштүрүүнүн негизинде бүтүн нерсе тууралуу тагыраак жана толугураак түшүнүккө ээ болуу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004,