Дидактикалык принциптер

Википедия дан

Дидактикалык принциптер - тарбиялоонун жалпы максаттарына жана окутуу процессинин закон ченемдүүлүктөрүнө ылайык мектептин окуу ишинин мазмунун, уюштуруу формаларын жана методдорун аныктоочу алгачкы жоболор. Мындан окутуунун принциптери бул сабакты (окутуу процессин) даярдап өткөрүүгө коюлуучу талаптарды туюнта турган алгачкы дидактикалык жоболор экендиги келип чыгат.

Дидактикалык принциптердин түрлөрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Дидактикада окутуунун төмөнкү принциптери иштелип чыкты: Билим берүү, тарбиялоо жана өнүктүрүп өстүрүү маселелерин комплекстүү ишке ашырып окутуу принциби. Окутуу менен тарбиялоонун биримдүүлүк законуна ылайык тарбия дайыма окутууда камтылган болот, башкача айтканда, окутуу процессинде окуучулар билим алуу менен катар керектүү адамдык сапаттарга тарбияланышат. Окуу процессинде ар дайым окуучунун белгилүү тартиптеги инсандагы: анын турмушка жана билимге болгон мамилеси, анын ар кандай акыл жөндөмдүүлүгү, нравалык сезими жана эрки кошо калыптанат, башкача айтканда окутуу болгон жерде тарбия кошо болот, бирок ал тарбиянын жакшы же жаман болушу башка кеп. Тарбиялык таасир окутуунун ажырагыс жандоочусу болуп эсептелет. Албетте, мындан окутуу окуучуларга дайыма бирдей тарбиялык таасир берет жана бул иште мугалимдин атайын жасаган аракеттери, анын устаттыгы анча мааниге ээ эмес деген корутунду жасоого болбойт. Тескерисинче, тарбиялоочунун окутуу мүнөзү, анын идеялык багыты жана окуучуларга тийгизе турган таасиринин күчү төрт фактор (окутулуучу билимдердин мазмуну, окутуу методдору, сабакты уюштуруу формалары жана мугалимдин инсандын таасири) менен аныкталат. Окутуунун натыйжасында окуучулар билим алышат, билгич-тикке үйрөнүшөт, аларда илимий көз караштын негиздери калыптанат жана алардын таанып билүү жөндөмү өсүп-өнүгөт. Мунун бардыгы окуучуларда коомдук жүрүш-туруштун нормаларынын жана нравалык идеалдардын калыптанышынын негизин түзөт. Демек, окуу процессинин өзүндө окуучуну коомдук социалдык нормаларга тарбиялоо ишке ашырылат.

Окутуунун илимий принциби[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Окутуу процессинде окуучуларга азыркы илимге ылайык такталган, окуучуларды эки анжы ойго келтирбей турган гана маалыматтар берилет. Ошондуктан окутуу методдору өздөрүнүн мүнөзү боюнча тиешелүү илимдерде колдонулуучу методдорго жакын ылайыкташтырылып түзүлүүгө тийиш. Натыйжада окуучулар үйрөнүлүүчү кубулуштарды, предметтерди жана факттарды илимий -диалектикалык көз карашта талдап көрүүгө көнүгүшөт, аларда акырындык менен диалектикалык ойлонуунун элементтери калыптанат. Бул принциптин теориялык негизи таанып-билүүнүн диалектикалык теориясы болуп эсептелет, ал теорияга ылайык дүйнөнү таанып-билүүгө болот жана адамдардын практикада текшерилген билимдери дүйнөнүн туура жана объективдүү сүрөтүн берет. Бирок, окуучулардын таанып-билүүлөрүнүн өсүшү илим билимдердин өсүү темпиндей эмес, андан бир кыйла жай темпте. Бул принциптин негизги талаптары төмөнкүлөр:

  • Окуу предметинин логикасын ачып көрсөтүү;
  • Үйрөнүлүүчү материалдын башка объекттери менен көп кырдуу байланыштарын түзүү, башкача айтканда, ар бир жаңы окуяны жана предметти бардык жагынан карап үйрөнүү (мунун өзү окуучуларда диалектикалык ойлонуунун элементтерин калыптандырат);
  • Илимде кабыл алынган терминдер менен туюнтулуучу туура түшүнүктөрдүн пайда болушу үчүн шарттарды түзүү;
  • Үйрөнүлүүчү билимдердин ачылышынын тарыхый жолун, түшүнүктөрдүн жана закондордун пайда болуу процессинин ички байланыштарын ачып көрсөтүү;
  • Окутуу методдорунда илимий таанып билүүнүн методдорун чагылтуу.

Окутуунун жеткиликтүү принциби. Бул принципти окутууну жеңилдетүү деп кароого болбойт, окутуунун илимийлүүлүгү менен ажырагыс кылып бирге алып караганда гана окутуунун жеткиликтүүлүк принциби жаңы мазмунга ээ болот, анткени, окутуунун илимий материалды жөнөкөйлөтүүгө жеткиликтүүлүктүн буга чейинки кабылданып жүргөн маанисине карама-каршы турат. Илим дегенибиздин өзү – бул чындык дүйнөнүн белгилүү областын жана анын өсүп-өнүгүү закон ченемдүүлүктөрүн чагылдыруучу закондордун, теориялардын, илимий түшүнүктөрдүн, факттардын системасы болуп эсептелет. Ошондуктан илимге ээ болуу үчүн аны белгилүү системада үйрөнүүгө туура келет. Бул да аздык кылат. Илим практикалык керектөөлөрдүн таасири астында келип чыгат да, турмуш менен, өндүрүш менен ажырагыс байланышта болот. Демек, илимге ээ болуу үчүн анын мазмунун окуп үйрөнүү менен гана чектелбестен, аны турмушта колдоно билүүгө көнүгүү зарыл. Илимдердин негиздерин сезимдүү жана бекем өздөштүрүү:

Биринчиден, окуучуларга билимдер белгилүү системада (ар бир кийинки илимий түшүнүк, өзүнөн мурунку түшүнүктөн келип чыгып, анын андан аркы табигый уландысы болгудай тизмектештикте) берилгенде гана, экинчиден, өздөштүрүлүүчү билимдер окуучулар тарабынан практикада, айлана-чөйрөдөгү кубулуштарды жана процесстерди түшүндүрүүдө колдонулганда гана камсыз боло алат. Башкача айтканда, билимдердин системасы алардын колдонулушунун эң негизги шарты, ал эми теориянын турмуш жана практика менен байланыштуулугу болсо, билимдердин системасын терең өздөштүрүп билүүнүн эң негизги фактору болуп эсептелет. Булардын бирөө экинчисиз анча натыйжа бербейт. Окутуу процессинде теория менен практиканын байланышы дайыма эле бир орунда эмес, кээде жаңы материалды түшүндүрүүнү аяктоодо ишке ашырылат. Окутууда теорияны практика менен байланыштыруунун формалары да ар түрдүү:

  • Үйрөнүлүүчү материалдын окуучулардын өздөрүнүн турмуштук тажрыйбасы менен байланышы;
  • Коомдук курулуштун практикасы менен, турмуш менен болгон байланыштык;
  • Илимдин өнүгүшүнүн коомдук керектөөлөргө көз карандылыгын ачып көрсөтүүчү тарыхый экскурстар;
  • Өндүрүштүк мазмундагы маселелерди чыгаруу, лабораториялык жумуштар;
  • Эмгек окуусу, окуучулардын өндүрүмдүү эмгеги жана алардын коомдук пайдалуу иштери.

Окутуунун активдүүлүк жана сезимталдуулук принциби. Окуучулардын активдүүлүгү жана сезимталдуулугу, алардын өз алдынчалыгы мугалимдин жетекчилик ролу астында дегенге карама каршы келбейби? деген суроо туулушу ыктымал. Чындыгында окуучулардын сезимталдуулук жана активдүүлүк принциби мугалимдин жетекчилик кылуу ролу принциби менен терең ички байланышта; мугалимдин жетекчилиги окуучуларды ар бир түшүнүк, ар бир жалпылоо, ар бир билгичтик жана көндүм окуучулар тарабынан айланадагы предметтерди жана кубулуштарды андан ары таанып-билүүнүн инструменти катарында пайдалангыдай даражага жеткирүүгө тийиш. Окуучулардын сезимталдуулугу:

  • Окуунун максаттарын жана милдеттерин ойлонуп баамдоо;
  • Материалды терең түшүнө билүү;
  • Аны практикада сезимдүү пайдалана билүүдө көрүнөт. Окуучулардын активдүүлүгү: материалдын мазмунуна, окутуунун методдоруна, ошондой эле окуучунун активдүүлүгү эмнеге багытталганына көз каранды болот.

Көрсөтмөлүк принциби-1[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бул принцип педагогика адабияттарда көп учурда бир жактуу окутуунун алгачкы каражаты катары каралып келген. Чындыгында окутууда “көрсөтмөлүүлүктөн жалпылыкка карай” деген тенденция башталгыч класстардын окуучуларына мүнөздүү. Ал эмес башталгыч класстарда да балдарга алардын өздөрүнө белгилүү буюмдарды жалпылаштырууну сунуш кылып, материалды дедуктивдик жол менен окууну ийгиликтүү колдонууга болот. Башталгыч класстын окуу программасынын өзгөртүлүшү да абстракттуулуктун элементтерин күчөтүүнү талап кылып олтурат. Көрсөтмө принцибинин маанисин төмөндөгүчө түшүнүп кабыл алууга туура келет:

  • Көрсөтмөлүүлүк окутуунун алгачкы таяныч пункту болуп, негизинен башталгыч класстарда пайдалынат;
  • Окуучулар улам жогорку класстарга өткөн сайын окутуунун алгачкы баштапкы пункту катарында тигил же бул проблеманын өз учурунда кандайча келип чыккандыгы, андан кийин анын чыгарылышынын тарыхы, эң акыры анын азыркы абалы баяндалат. Ошентип, мында көрсөтмөлүүлүк эки жолу (жаңы ачылышты, анын тарыхта кандайча келип чыккандыгын иллюстрациялап көрсөтүү катарында жана проблеманын азыркы чечилиш жолун ачып көрсөтүү катарында) катышат;
  • Проблеманы тарыхый көзкарашта алып үйрөнүү дайым эле ылайыктуу эмес, мында убакыт көп талап кылынат. Окутуунун башталгыч пункту катарында мурда окулуп өздөштүрүлгөн же мугалим тарабынан баяндалып айтылган теориялык материалдын практикалык колдонушун иллюстрациялап көрсөтүү үчүн пайдаланылат.

Көрсөтмөлүүлүктүн түрлөрү төмөнкүлөр:

  • Предметтик көрсөтмөлүүлүк (макеттер, моделдер, сүрөттөр жана башкалар);
  • Сөз менен элестетүү көрсөтмөлүүлүгү (тилдин жардамы менен тигил же бул ачык образдарды баяндап келтирүү);
  • Шарттуу сүрөттөмөлөөчү көрсөтмөлүүлүк (схемалар, чиймелер жана башкалар);
  • Динамикалык көрсөтмөлүүлүк (башкача айтканда, угуу жана көрүү органдарына таасир этүүчү каражаттар, кино, телевидение жана бакалар). Демек, көрсөтмөлүүлүк конкреттүү жана абстракттуу болушу мүмкүн.

Көрсөтмөлүүлүккө негизинен төмөндөгүдөй талаптар коюлат:

  • Окуу процессин көрсөтмө куралдар менен ашыкча жүктөнтүүгө болбойт;
  • Көрсөтмө куралдарды колдонуунун максаты жана орду ачык-айкын аныкталууга тийиш;
  • Көрсөтмө куралдарда ашыкча эч нерсе болбоого тийиш;
  • Көрсөтмө куралдар окуучулардын жаш өзгөлүктөрунө карата тандалып алынуусу керек.

Окуучулардын билим-билгичтерин бекемдеп өнүктүрүү принциби. Билимдерди өздөштүрүү жана окуучулардын таанып-билүү мүмкүнчүлүктөрүн өстүрүү бир эле процесстин бири-бирине байланыштуу эки жагы болуп эсептелет. Илимий билимдерди өздөш-түрүп, таанып билүү мүнөзүндөгү белгилүү тапшырмаларды аткаруу менен окуучулар ошол эле убакта өздөрүнүн акыл-аракеттерин өнүктүрүшөт. Билимдерди өздөштүрүүнүн өзү аларды тынымсыз тереңдетүү, тактоо жана бекемдөө процессинен турат. Ошондуктан билимдерди өздөштүрүүнүн бекемдөө жана окуучулардын таанып билүү жөндөмдүүлүгүн ар тараптан өнүктүрүү принцибинин мазмуну төмөнкү компонент-терден турат деп айтууга болот:

  • Үйрөнүлүүчү материалдардын негизги түйүндөрүн ажыратуу;
  • Негизги түйүндөр менен окуучулардын буга чейинки билгендеринин байланышын түзүү;
  • Билимдерди окуучунун көз караштар жана ишеничтер системасына айландыруу;
  • Окуу материалы менен окуучунун практикалык аракеттеринин байланышын түзүү.


Билимдердин бекемдиги:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Материалды кайталоо, бышыктоо менен сөзсүз эстеп калына турган материалдын көлөмүн азайтуу, окуу предметинин логикалык системасын окуучулардын аң-сезимине жеткирүү, окуу материалын жакшы эстеп калууга мүмкүндүк берүүчү таяныч фактыларды жана түшүнүктөрдү пайдалануу, чыгаруунун рационалдуу ыкмаларын изденүүнү жана активдүү ойлонууну талап кылуучу көнүгүүлөрдү жана маселелерди тандап алуу аркылуу камсыз кылынат. Мисалы, билимдерди кайталоодо анын бекемдигин камсыз кылуу үчүн аларды жаңыча көз карашта карап, алардан жаңыча пайдалана билүүгө үйрөтүү зарыл. Окуучулардын жеке өзгөчөлүктөрүн эске алып окутуу принциби. Окутуунун жамааттык мүнөздө болуу жана окуучулардын жекече өзгөчөлүктөрүн эске алуу принциби төмөнкү шарттардын камсыз кылынышын талап кылат:

  • Окуучуларды жамаатта эмгектенип, анын наамы үчүн иштеп, аны барктай билүүгө үйрөтүү зарыл, анткени, келечекте аларга жамаатта иштөөгө туура келет;
  • Ар бир окуучунун жекече өзгөчөлүгүн билип, ага жекече мамиле жасоонун негизинде анын ийгиликтүү эмгектенүүсүн уюштуруу (мисалы, начар көрүүчү же начар угуучу окуучуну алдыңкы партага отургузуу, өтө эле тынчы жок окуучуну партага өзүн жалгыз отургузуу, жай жана начар ойлонуп иштөөчү окуучуга маселе чыгарууда карточкага жазылган көрсөтмөнү берүү, бир нерсеге тез алагды болуп кетүүчү окуучуну тез-тез сурап туруу жана башкалар). Коллективдин ишинин ийгилиги анын ар бир мүчөсүнүн ишинин сапатына байланыштуу болот.

Акыркы жылдары окуу процессинде окуучулардын акыл-аракеттеринин интенсивдүү өнүгүшүнүн шарттарын аныктоо багытында атайын изилдөөлөр жүргүзүлдү. Советтик белгилүү психолог Л. В. Занков тарабынан башталгыч класстардын окуучуларын окутуунун дидактикалык системасы төмөнкү принциптердин негизинде иштелип чыккан:

1. Окутууну кыйынчылыктын жогорку деңгээлинде уюштуруп өткөрүү. Окуучулар кыйынчылыкты жеңүүдө гана өсүп-өнүгө алышат. Кыйынчылыктын чеги программаларда жана окуу китептеринде конкреттештирилет.

2. Окуу материалын ылдам темпте окуп үйрөнүү. Окуучуларды ар түрдүү билимдер менен тынымсыз байытып туруу, берилген убакыттын ичинде көнүгүүлөрдү мүмкүн болушунча көп иштетүү, алдыга карай улам тез темп менен жылуу.

3. Башталгыч окутууда теориялык билимдердин басымдуулугун (негизги ролун) камсыз кылуу принциби. Албетте, бул принцип практикалык билгичтик жана көндүмдөрдүн маанисин басаңдатпайт. Практикалык билгичтиктерди жана көндүмдөрдү (ыкмаларды) калыптандыруу бул принципке ылайык окуучулардын жалпы өнүгүшүнүн негизинде камсыз кылынат.

4. Окуучулардын окуп-үйрөнүү процессин сезип баамдашы, мисалы, мугалим ар бир окуу аракетин окуучу эмне үчүн аткарып жаткандыгын сездирүү максатында ага дайыма суроо берип турат. Окутууну мына ушул принциптерге негиздеп уюштурууда балдар интенсивдүү ойлонуп эмгектенүүдөн канааттанып, улам жаңы нерселерди билүүгө кызыгышып, кыйынчылык келтирүүчү тапшырмаларды сүйүнүп аткарыша тургандыгын Л. В. Занков өзүнүн эксперименталдык изилдөөлөрүндө ишенимдүү далилдеген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004,