Диего Ривера

Википедия дан

Диего Ривера (1886, Гуанахуато – 1957, Мехико) – мексика живописчиси. 1922-жылдан Мексика компартиясынын мүчөсү. 1896–1902-ж. Мехико сүрөт академиясында окуган. 1907–21-ж. Европада жашаган. 1927–28 жана 1955–56-ж. СССРде болгон. 1930–34 жана 1940-ж. АКШда иштеген. 1922-жылдан агитация, пропаганда жана агартуунун, революциялык күрөштүн күчтүү куралы деп эсептелген мексика монумент живопись мектебинин негиздөөчүлөрүнүн бири. Р-нын негизги чыгармалары: Мехикодогу Улуттук даярдоо мектеби (1922-23), Агартуу министерствосу (1923-29), Саламаттык сактоо министерствосу (1929–30), Улуттук сарай (1929–50), Детройттогу искусство институту (1932–33) жана башка дагы сүрөттөр.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]