Диен углеводороддору

Википедия дан

Диен углеводороддору, алкадиендер бир эле молекулада эки кош байланышы бар чексиз углеводороддор. Чектүү углеводороддорго салыштырганда алардын молекуласында 4 суутек атому кем болуп, жалпы формуласы CnH2n-2. Молекулаларда кош байланыштардын жайгашышына жараша үчкө бөлүнөт. 1. Кош байланыштары катарлаш жайгашкан диен углеводороддорунда эки кош байланыш бир көмүртек атомунда жайгашат, мисалы, аллендер CH2= =C=CH2. 2. Кош байланыштар бир жөнөкөй байланыш менен кезектешип жайгашкан, мисалы, дивинил CH2=CH-CH=CH2. 3. Кош байланыштар бир нече жөнөкөй байланыштар менен ажыратылган, мисалы, пентадиен CH2=CH-CH2-CH= =CH2. Булар эки кош байланышы болгондуктан, кошулуу реакциясына кирет. Эгерде 1,3бутадиенге бромдун молекуласын таасир этсе, алар 1жана 2-көмүртек атомуна кошулбастан, 1жана 4-көмүртек атомдоруна кошулуп, 2жана 3-көмүртек атомдорунун ортосунда жаңы кош байланыш пайда болот: CH2=CH-CH=CH2+Br2^ ^CH2Br-CH=CH-CH2Br. Диен углеводороддору оңой полимерленип, ири молекулалуу бирикмелерди пайда кылат. Алар алкандарды же алкендердп каталпзатордун катышуусунда дегидрлөөдөн алынат. Өнөр жайда негизинен синтездик каучуктарды, чайырларды, полиамид булаларын, лактарды, боёкторду, дары-дармектердп жана башка алууда колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]