Диета

Википедия дан

Диета — дени соо жана оорулуу кишинин тамактануу режими. Анын негизи — организмдин азык заттарды керектөөсүн камсыз кылуу. Дени соо кишинин кесибине, жашына жараша тамактануу режимин түзүүнү — тамактануу гигиенасы, ал эми оорулууга Д-ны иштеп чыгууну диетология (мүнөздөп тамактануу жөнүндө илим) изилдейт. Ооруга жараша түзүлгөн Д. негизинен карын менен он эки эли ичегинин жара оорусу, колит, өтө семирүүдө пайдаланылат. Ар бир Д-нын оорунун стадиясына жараша түрү болот. Туура түзүлгөн Д. түрдүү дарылардын таасирин күчөтүп, дарылоого жардам берет. Катуу кармаган оорунун өнөкөткө айлануусун алдын алууда Д-нын мааниси чоң. Ооруканада атайын аз тамактанган күндөр белгиленет (мисалы, балык, кефир, жашылча, жемиш гана берилет жана башка). Жеке Д-ны врач белгилейт, врач менен кеңешпей Д. кармоо зыян келтириши мүмкүн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8