Диетология

Википедия дан

Диетология (диета жана ...логия), диететика – оорулуу адамды мүнөздөп тамактандыруу жөнүндөгү илим. Ал түрдүү ооруларга ылайык тамактануу принциптерин изилдейт. Мурда ден соолукту сактоо жөнүндөгү бардык илим (азыркы гигиена) диететика деп аталган. Диетология теориялык жактан мүнөздөп тамактандырууга негизделген. Оорулуунун тамактанышына адам коомунун бардык мезгилинде көңүл бурулган. Байыркы грек дарыгери Гиппократ оорунун түрдүү баскычында тамакты сан жана сапат жагынан туура пайдаланууну сунуш кылган. Рим дарыгери Асклепиад (биздин заманга чейин. 128—56) фармакол. дарылоону жактырбай, шакирттери менен бирдикте түрдүү ооруларды дарылоодо мүнөздүү тамак-ашты колдонуу көрсөтмөлөрүн иштеп чыккан. Оорулуу адамдын тамактанышына рим дарыгери Гален көп көңүл бурган. 18-кылымдын аягы, өзгөчө 19-кылымдын 2-жарымында диетология өркүндөйт. Витаминдин ачылышы, оорулуунун тамагындагы минералдык заттар жөнүндө маселелердин чечилиши диетологиянын илим катары өсүшүнө шарт түзгөн. Буга орус илимпоздору: И. М. Сеченов, А. А. Остроумов, А. И. Яроцкий, И. П. Павлов жана советтик илимпоздор: С. М. Рысс, М. М. Губергриц, Л. А. Черкес, Д. Б. Маршалкович, О. П. Молчанова жана башка чоң салым кошкон. Дарылоодо диетологиянын жетишкендиктерин так жана туура колдонуу үчүн, санаторийлерде, дарылоо мекемелеринде диетолог врач, диета сестралары бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1