Дизайн

Википедия дан

Дизайн же Шөкөт(англисче design, сөзмө – чийүү, долбоор, өндүрүү; немисче gestaltbng, италянча desegno, французча dessign industriel) – предметтик чөйрөнү долбоорлоонун өзгөчө ыкмасы мында объектке анын негизги милдеттери менен бирдикте, сулуулук, максатка ылайыктуулук, үнөмдүүлүк, баса көрсөтүлгөн функционалдуулугу (же функцияларынын көптүгү), объектти пайдалануудагы физиологиялык жана психологиялык ыңгайлуулук, анын так социалдык ориентациясы сыяктуу өз ара байланыштуу сапаттар комплекси кошо берилет. Д-ды чыгармачылык илик­төөнүн – функциядан формага, формадан функция­га деген эки багыты бир бүтүндүктө каралат.

Баян[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Дизайн сөзү 16-кылымда пайда болуп, Европада өзгөчө колдонулган. Италиялык "disegno intero" деген сөз айкашы сүрөтчүнүн идеясынан келип чыккан жана Кудайдан шыктанган - көркөм чыгарма түшүнүгү. 1588-жылдагы Оксфорд сөздүгү бул сөздүн төмөнкүдөй чечмелөөсүн берет: "адам ойлогон план же ишке ашырыла турган нерсенин схемасы, келечектеги көркөм чыгарманын алгачкы долбоору".[1]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Дизайн тарыхы.