Дилатометр

Википедия дан

Дилатометр (лат. dilato–кеңейтем жана гр. metreo–өлчөйм) – температуранын, басымдын, электр жана магнит талааларынын, иондоштуруучу нурлануулардын ж. б. сырткы факторлордун аракети астында нерсенин өлчөмүнүн өзгөрүшүн өлчөөчү аспап.

Өлчөө ыкмасына ылайык ар кандай түргө бөлүнөт: 1) оптика-механикалык Дилатометр – нерсенин өлчөмдөрүнүн өзгөрүшүн жарык нурунун жылышы боюнча аныктайт, сезгичтиги ~10-6–10-7 см; 2) сыйымдуулук Дилатометри– нерсенин өлчөмдөрүнүн өзгөрүшүн конденсатордун сыйымдуулугунун өзгөрү-шү боюнча аныктайт; сезгичтиги ~10-9 см; 3) индукциялык Дилатометр – өлчөмдүн өзгөрүшү, эки индуктивдик катушканын өз ара жайгашуусун өзгөртүп, ага ылайык, өз ара индукциянын ЭККнүн өзгөрүшү боюнча аныкталат; сезгичтиги ~10-9 см; 4) интерференциялык Дилатометр – изилденүүчү тетик, эки оптикалык пластинканын ортосуна жайгаштырылат, ошондуктан тетиктин өлчөмү өзгөрсө, интерференциялык сүрөттөлүштүн тилкелери жылышат, сезгичтиги ~10-8 см; 5) радиорезонанстык Дилатометр изилденүүчү материалдан көлөм резонатору жасалат, материалдын өлчөмү өзгөрсө, резонанстык жыштык өзгөрөт, сезгичтиги ~10-12 см;

Кристаллдык катуу заттардын өлчөмүнүн өзгөрүшүн, рентгенструктуралык анализ менен кристалл торчосунун параметринин өзгөрүшүн өлчөп, жогорку тактыкта аныктайт. Суюк жана газ абалындагы заттардын көлөмү гана өзгөрөт жана аны калибрленген капиллярларды, катыш идиштерди колдонуп аныктайт. Көлөмдүн кеңейиши толугу менен толтурулган резервуардан агып чыккан суюктуктун көлөмү боюнча табылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]