Дилбаян

Википедия дан

Дилбаян – автор өз оюн чыгармачылык менен жазуу формасында ишке ашыруу ишмердиги. Дилбаян жазуу илим да, өнөр да болуп саналат. Дилбаян узак жылдардан бери мектеп программасында колдонулуп келе жаткан жазуу ишинин бир түрү, ошондой эле ал жогорку окуу жайларына кабыл алуудагы билимди өлчөп көрүүнүн да башкы критерийи катары кызмат кылып келген жана келүүдө.
Дилбаянда – чыгарма, ал ошол чыгарманы жазып аткан автордун пикирин, ички сезимдерин, ой толгоолорун чыгармачылык менен кагазга түшүрүлөт. Дилбаян жазуу – текст түзүп, байланыштуу сөзду өстүрүү үчүн аткарылган окуу ишмердиги, ошол эле кезде, автордун дүйнөсүн, турмуштук позициясын калыптоочу тарбиялоо каражаты жана эстетикалык табитти, адабий-коомдук түшүнүктү өстүрүүнүн формаларынын бири. Чыгармачылыктын мүмкүнчүлүктөрү абдан ар тараптуу болгондой эле, дилбаяндын тематикалык, жанрдык, стилдик жактары да чексиз кеңири. Тематикасына карап дилбаяндар экиге бөлүнөт: биринчиси – адабий-чыгармачылык дилбаяндар, башкача айтканда мында программада өтүлгөн темалардын негизинде окуучулар өз ойлорун кагазга түшүрүшөт; экинчиси – эркин темадагы дилбаяндар, мында окуучулар мектептин адабият сабагында атайын өтүлбөгөн, өз алдынча окулган чыгармалардын, же көргөн фильм, спектакль, сүрөттөрдүн, интернет материалдарынын, турмуштан алган таасирлердин негизинде жазышат. Ошондой эле айрым окумуштуулар дилбаяндардын проблемалык-тематикалык типологиясын үчкө (дилбаян-мүнөздөмө; адабий-сын дилбаяны; «эркин» темадагы дилбаяны) деп да бөлүштүрүп жүрөт. Дилбаянда анын текстинин типтери үч түрдүү болот:

  • ХБк;
  • сүрөттөө;
  • ой жүгүртүү.

Дилбаян жанрлар боюнча да бөлүнөт. Айталык, орус методисти А. М. Гринина-Земскова дилбаяндар көркөм, публицистикалык жана илимий жанрларда болорун айтса, башка изилдөөчүлөр дилбаяндын адабий темадагы, эркин темадагы, репортаж, дилбаян-рецензия, портреттик очерк, салыштырма мүнөздөмө, аннотация, жол белгилери, аңгеме, фельетон сыяктуу жанрларын белгилешет. Айрымдар дилбаян-мүнөздөмө, дилбаян-адабий портрет, дилбаян-рецензия, дилбаян-адабий-сын макала, дилбаян-очерк (же дилбаян-аңгеме), дилбаян-эске түшүрүү, дилбаян-күндөлүк, дилбаян-ыр деген жанрдык классификацияны сунуш кылат. Кээ бир таланттуу жазылган дилбаяндарды ар кыл жанрлар аралашып келет, мисалы, бир эле каармандын образын талдоодо дилбаян автору мүнөздөмөнү да, портретти да, адабий сынды да жана башка колдоно бериши мүмкүн, мындайда иштин окумдуулугу артып, окуган кишини эриктирбейт. Дилбаян прозалык, поэтикалык, драмалык тексттерде жазылып келе жатса да, кыргыз мектептеринде көбүнчө кара сөз түрүндөгүсү арбын кездешет. Стилине карай көркөм, публицистикалык, ил. стилдерде жазылып жүрсө да, бир топ учурда бул үчөөнүн аралашып, бири-бирин толуктап турганын да көрөбүз. Бир эле дилбаяндын ичинде көркөм адабий чыгарма, илимдин тили менен бул же тигил көрүнүштү түшүндүрүүсү, коомдук актуал меселелерди көтөрүп чыгуу кездешет.
Дилбаян инсанды калыптандырууда өзгөчө чоң мааниге ээ. Анда окуучу-автордун же абитуриент-автордун программалык материалдарды өздөштүрүү деңгээли, турмуш боюнча түшүнүгү, адабиятты кабыл алуу табити, логикалык ой жүгүртүүсү, көз карашы, стили, орфографиялык жана пунктуациялык сабаттуулугу айкын көрүнөт. Дилбаян аркылуу адам өзүн өзү чагылтат, ички дүйнөсүн ачат, башкача айтканда, ишмердиктин бул формасы адамдын өзүн өзү көрүп туруучу күзгүсү болуп саналат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004,