Дилдебаев Бактыбек Курманбекович

Википедия дан

Дилдебаев Бактыбек Курманбекович (29.5.1969-ж.т., Жаңы-Базар айылы) - басма сөз тармагынын көрүнүктүү шпмери, журналист.

Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика факультетин бүткөн (1997). Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн (1987- 89). 1986-87-жылдары райондук “Чаткал оттору” газетасында корректор, 1989-92-жылдары ошолэле гезитте кабарчы, 1992-93-жылдары полиграфиялык “Эркин” кичи ишканасында башкы бухгалтер, директордун орун басары, “Аксы Жаңырыгы” газетасынын кабарчысы, Чаткал райондук “Кыргыз тили” коомунун жооптуу катчысы болуп иштеген. 1993-жылдан “Чаткал оттору” газетасынын башкы редактору, “Кыял-ТВ” телестудиясынын директору. Айылдык Кенештин депутаты болуп шайланган. Облустук, райондук мамлекеттик администрацияларынын “Ардак грамотасы” менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6