Динамо-эффект
Динамо-эффект (гидро-магнит-тик динамо) – өткөргүч суюктугунун же газ плазмасынын кыймылынын натыйжасында, магнит талаасынын өзүнөн өзү козголуусу.
Динамо-эффект Жердин жана суюк ядролуу башка планеталардын, Күндүн, жылдыздардын магнит талаасынын түшүндүрүүдө колдонулат. Космос телосунун магнит талаасы эки түзүүчүгө – полоидалдуу талаага (күч сызыктары меридиандар боюнча багытталышат) жана тороидалдуу талаага (күч сызыктар параллелдер боюнча багытталышат) ээ болот. Телонун айлануусунда, ар кайсы тереңдиктеги анын катмарлары ар башка бурчтук ылдамдыктарга ээ болушса, ар кайсы катмар аркылуу өткөн полоидалдуу талаанын күч сызыгы толгонот. Натыйжада тороидалдуу талаа күчөтүлөт. Тороидалдуу талаанын күчөтүшү иретине ылайык, полоидалдуу талаанын күчөтүлүшүн пайда кылат. Бул экөөнүн ортосундагы байланыш, мис., жылуулук конвекциясы менен шартталышы мүмкүн. Мында, конвективдүү кыймылы окко симметриялуу, болбош керек. Жер үчүн Динамо-эффект, анын суюк ядросунун өткөргүчтүк затынын конвективдүү кыймылы менен бул чөйрөдөгү жеңилирээк кошундулардын калкып чыгышы менен байланыштырылат. Конвективдик кыймылдар, тороидалдуу талаанын күч сызыктарын көтөрүлтүп, тийиштүү шартта илмектерди жаратат жана алар полоидалдуу талаа менен кошулушуп аны күчөтөт.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Физика. Энциклопедиялык окуу куралы. 2004 Бишкек. ISBN 9967-14-010-0