Диний ишеним

Википедия дан

Диний ишеним - Кудайга, анын чексиз улуу кудуретине көзү жетүү менен ак дилден ынануу, ар кандай диний окуулардын укмуштуу күчүн эч далилсиз моюндоо, ырым-жырымдардагы, жөрөлгө-салттардагы табынуулардын, сыйынуулардын сыйкырына терең берилүү менен кабылдоо сыяктуу рухий таасирлердин натыйжалар түрүндөгү зор тобу. Диний ишеним көп кырдуу. Ал табияттан тышкаркы керемет күчтөрдүн, кубулуштардын бар экенине, алардын жаратмандык же кыйраткыч кубаттарынын реалдуу экенине, адамдарды ар кандай кырсыктардан коргоп, сактап калгыч теңдешсиз зарделеринин (энергияларынын) толук бар экенине эч бир далил тажрыйбага таянбай туруп эле көзү жеткендей кабылдоосу сыяктуу көптөгөн көрүнүштөрдү кучагына алат. Албетте, диний ишеним адамдардын рухий турмушунда дем берүүчүлүк, шыктандыруучулук ролду ойноп келген, ошону менен бирге ар адамдын ички жан дүйнөсүндө, күндөлүк жашоосунда, жүрүм-турумдарын максатташтырууда олуттуу рухий жөлөк болуп берген. Ушул мааниде алганда диний ишеним ар кандай диний идеологиянын эң таасирдүү куралы.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]