Дин философиясы

Википедия дан

Гегельдин дин менен философиянын мазмуну бирдей, алар формасы боюнча гана айырмаланышат: динде — ал элестетүү, философияда — түшүнүк дейт. Динди Гегель билимдин спецификалык формасы катарында карайт. Дин, Гегелдин пикиринче, билимдин алда канча жогорку формасы болгон философия тарабынан кайра өзгөртүлөт (снимается, снятие), философиянын милдети логикалык категорияларды иштеп чыгуу, ал илимдердин илими болуп саналат. Гегель философияны анын жашап турушунун тарыхый шарттары менен байланыштырып, ар бир философиялык системаны ал өзүнө замандаш доордун түшүнүктөгү жетишилген нерсеси катарында караган. философиянын тарыхы — бул пикирлердин жөн гана саналып чыгышы эмес, абсолюттук акыйкатка жетүүнүн мыйзамченемдүү процесси. Өзүнүн философиялык системасын Гегель философиянын өнүгүп жеткен жери катарында караган.



Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

[https://web.archive.org/web/20210716110527/http://www.bizdin.kg/elib/kitepter/pdf/philosophy_blinnikov.pdf Archived 2021-07-16 at the Wayback Machine Л. В. Блинников. Философтордун кыскача сөздүгү. - Б.: 1997, ISBN 5-900162-16-8]]