Дин - Тесеттур

Википедия дан

Тесеттүр– синонимдери хиджап, оронуу. Аял кишинин жүзү, беш манжасы жана буттун кызыл ашыкка чейинки бөлүгүнөн башка дене мүчөлөрүн көрсөтпөшү үчүн жабылып туруусу дегенди билдирет.

Ыйык Курандын (Куран 33:59) бир аятында « Эй пайгамбар! Жубайларыңа, кыздарыңа жана момундардын аялдарына айткын; үстүлөрүнө жамынчуларын (жолук менен кенен кийимдерин) жамынышсын…» деп жазылган. 
Терең сырдуу Курандын бул өкүмү аялзатынын табиятына абдан жарашыктуу экенине жана анын карама - каршысы болсо, табиятка терс экенине далил болуучу көптөгөн сырларынан «Төрт сырды» төмөндөгүчө:

Биринчи сыры:Тесеттүр аялзатынын табиятына төп келишип турат. Анткени, аялзаты табиятынан назик жана алсыз болушкандыктан, өздөрүн жана жанынан да жакшы көргөн бала-чакасын коргой турган бир эркектин коргоосуна жана жардамына муктаж. Ошондуктан, өздөрүн аларга сүйдүрүүгө, жийиркендирип албоого жана сүйүүсүн суутуп албоо үчүн табигый тесеттүргө муктаж. Анын үстүнө аялдардын ондон алты- жетиси карып калган же сулуу эмес экендигин башкаларга көрсөтө берүүнү каалашпайт. Же өзүнөн да сулууларга салыштырмалуу төмөн түшүүдөн кызганышат, же болбосо күйөөсүнүн зулумдугу менен куру дооматынан коркушат. Жаңжалдашууга дуушар болбоо үчүн жана күйөөсүнүн назарында кыянатчылык менен доого калып кетпөө үчүн табияттарынан тесеттүргө муктаж. Жакшылап байкасаңыз, эң эле көп өздөрүн сактагандар карып калгандары. Ал эми он аялдан экөө үчөөсү гана жаш, сулуу жана өзүн көрсөтүүдөн тартынбоосу мүмкүн. Инсан өзү жакшы көрбөгөн жана каалабаган адамдардын назарында кысылып кыжаалат болуусу белгилүү. Албетте, жарым жартылай ачык кийинген сулуу бир аял жат эркектердин ондон экөө үчөөсүнүн тигиле кароосунан ырахат ала турган болсо, жети сегизинен кыжаалат болот. Анын үстүнө сойкулукка берилбеген жана бузулуп кетпеген сулуу бир аял, назик жана сезимтал болгондуктан, көз тийүүдөн, а түгүл кумарданып тиктеген ыплас назарлардан, албетте, кысылат. Курандын тесеттүр буйругу болсо, табигый болуусу менен бирге, ошол мээрим казынасы болгон жана кымбаттуу, түбөлүктүү жары болгон аялдарды тесеттүр аркылуу бузулуудан, кордуктан жана руханий эзилүү менен руханий жакырчылыктан куткарат. Анын үстүнө, аялзатында жат эркектерге каршы табиятынан эле коркуу сезимдери бар. Коркуу болсо- табиятынан тесеттүрдү талап кылат. Анткени, сегиз тогуз мүнөттүк ырахатты ачууга айландыра турган сегиз тогуз ай ымыркайдын оор жүгүн кыйналып көтөрүп жүрүү менен бирге, атасыз наристени тарбиялоо менен сегиз тогуз жыл ошол сегиз тогуз мүнөттүк шариятка туура келбеген ырахаттын азабын чегүү ыктымалы бар. Мындай окуялар өтө көп кездешкендиктен, аялдардын табияттары жат эркектен коркушат жана табияттары да өздөрүн сактоону каалайт. Ошентип, тесеттүр аркылуу жат эркектердин кумар сезимдерин дүүлүктүрбөөнү, чектен чыгууларына жол бербөөнү жана назик табиятта калууларын буйрук кылат жана катуу эскертет. Мына ошентип алардын коргонуучу жайы жана сепили – алардын жабык кийими болгонун көрсөтөт. Угушума караганда: Борбор шаарыбыздын так ортосунда, базар ичинде, күп күндүзү, элдердин көз алдында, бут кийим майлоочу жөнөкөй бир кишинин, дүйнөгө таанымал улуу мартабалуу бир адамдын балтыр-сандарын көрсөтүп жүргөн аялына тийишип кыжаалат кылуусу, тесеттүргө каршы болгондордун уятсыз жүздөрүнө ачуу шапалак уруп жатат!

Экинчи сыры: Аял менен эркектин ортосундагы эң негизги жана тыгыз байланыш болгон сүйүү менен алака - тек гана дүнүйөлүк жашоонун муктаждыктарынан улам келбейт. Ооба, бир аял күйөөсү үчүн жалгыз гана дүйнөлүк жашоосунда эле өмүрлүк жолдош эмес. Балким, түбөлүктүү жашоосунда дагы өмүрлүк жолдошу болуп саналат. Ырас, түбөлүктүү жашоодо дагы күйөөсүнүн өмүрлүк жубайы болгондуктан, албетте түбөлүктүү жолдошу жана сүйүктүү жары болгон күйөөсүнүн назарынан башка, башкалардын назарларын өзүнүн көркөм келбетине кызыктырбоосу керек жана аны таарынтпоо жана да кызгандырбоосу керек. Ырас, ыймандуу күйөөсү, аны менен болгон алакасын ыймандын эрежелерине негиздеп: дүйнөлүк өмүр менен гана чектелбестен, айбандар сыяктуу эмес жана жаш, сулуу кезинде гана убактылуу сүйүү эмес, тескерисинче түбөлүктүү өмүрдө дагы өмүрлүк жар болуусу жагынан негиздүү жана чыныгы жана урматтоо менен байланышы бар. Анын үстүнө жалгыз гана жаштыгында жана сулуу кезинде эле эмес, балким картайып, жүзүнөн сулуулук кеткен кезде дагы ошол чыныгы урмат менен сүйүүсүн бекем кармагандыктан, албетте бул үчүн, ал аял дагы өзүнүн сулуулугун тек гана анын назарында көрсөтүүсү жана сүйүүсүн да аны менен чектөөсү - адамгерчиликтин талабы. Болбосо өтө аз пайда көрөт. Бирок, өтө көп нерсени уттурат. Шариятта: Күйөөсү аялына күфүв болушу керек, тактап айтканда: бири –бирине ылайык болушу керек. Бул күфүв же теңдеш болуунун эң маанилүүсү дин жагынан. Аялынын динчилдигин көрүп, аны туураган жана жубайын түбөлүктүү өмүрдө жоготуп албоо үчүн динге моюн сунган эркек киши кандай бактылуу. Күйөөсүнүн динчилдигине карап «түбөлүктүү жарымды жоготуп албайын» деп, такыбаа болгон аял абдан бактылуу. Диндар – такыбаа түбөлүктүү аялын жоготуп ала турган бузукулукка кирген эркекке кайгы болсун.Такыбаа күйөөсүн ээрчибестен, ошол түбөлүктүү жолдошун жоготуп алган аял кандай бактысыз. Бири –биринин бузуку күнөө иштерин туурашкан жана бири - биринин отко түшүүсүнө жардамдашып жаткан бактысыз эрди –катынга миң-миңдеген кайгылар болсун!

Үчүнчү сыры: Бир үй-бүлөнүн бактылуу жашоосу-күйөөсү менен аялынын ортосундагы бири-бирине болгон бекем ишеним, чын жүрөктөн болгон урмат-сый жана сүйүү менен уланып турат. Тесеттүрсүздүк менен уяттуу жерлерин ачып жүрүү болсо- ошол ишенимди бузат жана бири-бирине болгон урмат –сый менен сүйүүнү да талкалайт. Аткени, уяттуу жерлерин көрсөтүп жүргөн он аялдан тек гана бирөөсү күйөөсүнөн дагы жакшыраак бирөөнү көрбөгөндүктөн, өзүн башкаларга сүйдүрүүгө аракет кылбайт. Ондон тогузу болсо, күйөөсүнөн дагы жакшыраагын көрөт. Ал эми жыйырма эркектен тек гана бирөөсү өз колуктусунан да жакшыраагын көрбөйт. Мындай учурда ошол чыныгы сүйүү жана бири-бирине болгон урмат-сый кетүү менен бирге, абдан жийиркеничтүү жана өтө ыплас бир сезимдин ойгонуусуна себепчи болушу мүмкүн. Мындайча: Инсан өзүнүн эже-карындаштары сыяктуу жакын туугандарына табиятынан эле кумар сезимдерин козгобойт. Анткени, жакын туугандарынын жүздөрү туугандык жана махрамдык шариятта көрсөтүлгөндөй мээрим менен сүйүүнү талап кылгандыктан, нафсини жана кумар сезимдердин каалоолорун тыят. Бирок, балтыр, сан сыяктуу шарияттагы жакын туугандарына дагы көрсөтүүгө тыюу салынган жерлерин ачык көрсөтүп жүрүү- ахлаксыз, эң төмөнкү нафсилер үчүн абдан жийиркеничтүү сезимдин ойгонуусуна себепчи болушу мүмкүн. Аткени, жакын туугандарынын жүздөрү махрамдыктан кабар берет жана башка бирөөнүкүнө окшобойт. Бирок, мисал келтирсек, жакын тууган менен чоочун аялдын ачык көрүнүп турган санынын эч кандай айрымасы жок. Жакын туугандыкты билдире турган эч бир айрымалоочу белгиси болбогондуктан, кээ бир уятсыз жакын туугандар арасында айбандык кумар менен караган назар, абдан жийиркеничтүү сезимди ойготуусу мүмкүн. Мындай назар болсо, төбө чачты тик тургуза турган адамзаттын кыйроосу!

Төртүнчү сыры: Өзүнөн кийинки муундун көбөйүшүн баары эле каалаганы белгилүү. Балдардын келечек муундун көбөйүшүнө каршы чыккан эч бир эл, эч бир өлкө жок болсо керек. А түгүл урматтуу Пайгамбарыбыз (С.А.В) мынтип айткан экен: Тактап айтканда: «Үйлөнгүлө, көбөйгүлө. Мен кыяматта силердин көптүгүңөр менен сыймыктанамын.» А бирок, тесеттүрдү ачып салуу- үйлөнүүнү көбөйтпөстөн, тескерисинче азайтууда. Анткени, абдан бузулган жана бүгүнкү күндүн заманбап жигиттери дагы өзунүн өмүрлүк жолдошунун ар намыстуу болушун каалайт. Өзү сыяктуу заманбап тактап айтканда, жарым жылаңач болуп жүрүүсүн каалабагандыктан бойдок жүрө берет. Балким, зинакордукка кирүүсү мүмкүн. Аял болсо, андай эмес күйөөсүн антип чектей албайт. Анткени, аялзаты үй-бүлө турмушунда ички кожейке болгондугу үчүн күйөөсүнүн буюмдарын бекем сактоочу кызматкер болгондуктан, анын эң негизги мунөзү-күйөөсүнө чын дилден берилгендиги менен ишенимдүүлүгү болуусу керек. Жарым жылаңач жүрүү болсо, бул берилгендикти жоготот, күйөөсүнүн назарында ишенимден чыгат жана өзүнө руханий азап чектирет. А түгүл эркектердеги эки эң сонун мүнөз болуп эсептелинген эр жүрөктүүлүк менен жоомарттык аялдарда бар болсо, ошол ишенимдүүлүк менен берилгендикке зыян болгону үчүн, аялдар үчүн жаман касиеттерден болуп эсептелинет. Бирок, күйөөсүнүн милдети анын казынасын коргоп, ага берилүү эмес, тескерисинче аны коргоо, ырайым кылуу жана аны урматтоо. Ошондуктан, ал эркек аялынын өкүмү астында боло албайт жана кааласа башка аялдарды да никелеп ала алат. Биздин өлкөбүздү Европа менен салыштырып болбойт. Анткени, аларда дуэль сыяктуу көптөгөн себептер аркылуу ачык-чачыктык ичинде бир даража болсо да намыс сакталып турат. Эгерде абройлуу адамдын аялына ыплас назар менен караган адам, оболу мойнуна кепинин кийип андан соң карайт. Анын үстүнө суук өлкөлөргө кирген Европадагылардын табияттары дагы өлкөлөрү сыяктуу суук жана жансыз. Ал эми Азия болсо, тактап айтканда Ислам дүйнөсү ээлеген аймактар аларга салыштырмалуу ысык өлкө. Ооба, айлана-чөйрө инсандын жүрүм-турумуна таасир берүүсү белгилүү. Ошол суук өлкөлөрдө, муздак инсандардын айбандык кумар сезимдерин козгоо жана эркектердин табитин ачуу үчүн жарым жылаңач кийинүү-балким көптөгөн зулумдуктар менен ысырапчылыкка себепчи болбоосу мүмкүн. Бирок, өтө тез таасир алуучу жана абдан сезимтал болгон ысык өлкөлөрдөгү адамдардын каалоо-сезимдерин тынымсыз аракетке келтире турган жарым жылаңач жүрүү болсо, албетте көптөгөн жаман жолдорго, ысырапчылыкка, уруктун алсыздыгына жана эркектердин күчсүздүгүнө себепчи болот. Бир айда же болбосо жыйырма күндө табигый муктаждыктын ордуна, бир нече күндө эле өзүн ысырапчылыкка мажбур деп ойлойт. Ал кезде, ар бир айда он беш күнгө чейин этек кири сыяктуу тоскоолдуктардан улам аялына жолобоого мажбур болгондуктан, эгер нафсисине жеңилген болсо аялынан башка бирөөгө каалоо пайда болот. Шаардыктар айылдыктарга жана көчмөн элдерге карап тесеттүрдү ачып сала алышпайт. Анткени, айылдын жана көчмөн элдердин турмуш шартында тиричилик дарты менен алек болуу жана кара жумуштарды иштеп абдан чарчашкандыктан улам, анын үстүнө шаардыктарга салыштырмалуу адамдардын назарын өздөрүнө азыраак тарткан жумушчу аялдар менен бир даража копол аялдардын кээ бир жерлеринин ачык болуусу, эркектердин кумар-сезимдерин козгобогону сыяктуу, айылда бузуку жана жумушсуз адамдар да аз болгондуктан, шаардагы бузукулуктун ондон бири да аларда жок. Андай болсо, аларга салыштырып болбойт.