Диоксан
Көрүнүш
Диоксан (диэтилендиоксид) – эфир жыттуу, түссүз, күйүүчү суюктук мол. масс. 88,1; эрүү t 11,80 кайноо t 1010.
О
Н2С СН2
Н2С СН2
О
Д. аба менен аралашмасы жарылат. Суу, спирт, эфир менен аралашат. Сакталуу учурунда жарылуучу пероксид пайда кылат, хим. касиети алифаттык жөнөкөй эфирлерге окшош, Na, NH3, к-та, щелочтор таасирине туруктуу; бромдоо жана сулфирлөө үчүн колдонуучу окси бирикмелерди С4Н8О2×Br2; C4H8O2×SO2 пайда кылат. Д. чайырлар, каучуктар, эфирлер, майлар, целлюлозалар ж.б. эриткич катары; нефть майларын тазалоодо; сыр, желим даярдоодо жана түрдүү орг.бирикмелерди синтездөөдө колдонулат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Химия: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6
![]() |
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|