Мазмунга өтүү

Дионисий

Википедия дан

Дионисий (1440-ж. чен — 1502-жылдан кийин, башка изилдөөлөр боюнча 1503-жылдан кийин) — орус живописчиси. Көбүнчө Москвада жана орус монастырларында иштеген. Дионисийдин иконаларына назик сүрөттөр жана кооз, көркөм колориттеги, келбети келишкен фигуралар, өзүнчө жасалгалар жана салтанаттуулук мүнөздүү: «Одигитрия кудай эне», 1482; «Жазалоо», 1500; Ферапонт монастыры үчүн икона, 1500–02; «Митрополит Пётрдун жашоосу» (Успенве собору, Москва Кремли), «Митрополит Алексийдин жашоосу» жана башка Уулдары Владимир жана Феодосий менен биргелешип тарткан Ферапонт монастырынын соборундагы сүрөттөрдө (1500–03) бирдиктүү идеялык-образдык жана жасалга милдеттер негиздүү чечилген.

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1