Диоптрия

Википедия дан

Диоптрия – (гр. dioptēs байкоо, ченөө), (дп, D), линзанын жана башка окко симметриялуу оптикалык системалардын оптикалык күчүнүн бирдиги; 1 дп фокустук аралыгы 1 м болгон линзанын же сфералык күзгүнүн оптикалык күчүнө барабар. Нурду чогултуучу линзанын оптикалык күчү оң, чачыратуучу линзаныкы терс сан менен туюнтулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1