Диорама

Википедия дан

Диорама (грекче dia – аркылуу, horama – көрүнүш, оюн-зоок) – панорама менен катар бир жагынан театр жасалгаларына окшошуп кеткен, живописти башка көркөм каражаттар менен толуктаган көркөм сүрөт өнөрүнүн өзгөчө түрү. Живопистин бутафория же реалдуу предметтер менен айкалышы, жасалма жарык берүү сыяктуу нерселер Д-ны театр менен сахнага жакындаштырат. Көбүнчө Д. салыштырмалуу анча бийик эмес, бир кыйла өлчөмдөгү жарым цилиндрден турат. Анын ички тике бөлүгүнөн живопись, ал эми туурасынан предметтик план, макет орун алат. Көрүүчү сыртта Д-нын астыңкы бетиндеги чоң оюктан көрүп турат. Панорама сыяктуу эле Д. кеңири мейкиндиктин иллюзиясын берет жана көп учурда баталдык (согуштук) көрүнүштөрдү чагылдырат [(мисалы, М. Б. Грековдун «Ростовду алуу» (1929), А. А. Горпенконун «Советтик аскерлердин Днепрди алышы», А. Н. Стадниктин, П. И. Жигимонттун картиналары (1948)]. Өткөн учурда негизинен өзгөчө техникада аткарылышы Д-нын айырмаланган белгилеринен болуп эсептелген: жарым тунук нерсенин эки бетине тең живопись таркатылган, жарыктын жардамы менен эки бетте тартылган сүрөттү өзгөртүп турушкан жана муну менен Д-нын көп сандагы натыйжалуулугуна жетишишкен.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]