Диплоид

Википедия дан
хромосомалар.

Диплоид (гр. diploos – эки жана tidos – түр) – клеткаларында окшош жуп хромосомалар жыйындысы бар организм. Хромосомалардын диплоиддик саны – түргө мүнөздүү белги. Хромосомалардын диплоиддик (кош) жыйнагы сомалык (денелик) клеткалардын ядросунда болот. Жыныс клеткалардын (гаметалардын) ядролорунда хромосомалардын гаплоиддик, башкача айтканда жалпы жыйнагы болот. Адамдын диплоиддик жыйнагында 23 хромосома бар. Гаплоиддик жыйнакта ар бир жуптан 1 гана хромосома болуп, диплоид эки гаплоиддик гаметанын биригүүсүнөн пайда болот. Организмдин ар бир түрү үчүн хромосомалардын диплоиддик жана гаплоиддик жыйнактарынын саны туруктуу. Көпчүлүк жаныбарларда жана татаал түзү лүш түү өсүмдүктөрдө Д. алардын тиричилик цик линин негизги учуру болуп саналат. Д-дүүлүк эволюциянын жүрүшүндө гаплоиддик организм дин негизинде пайда болуп, гаплоиддерге салыштырмалуу алардын артыкчылыгына байланыштуу сакталып калган. Айтсак диплоиддик организмдердин рецессиялык мутациялары гетерозиготалык абалда (Аа) билинбей, популяцияларда жашырын сакталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]