Директриса

Википедия дан

Директриса (фр. directrice, лат. directrix– багыттоочу) – конустук кесилиштин (эллипс, гипербола , параболанын)тегиздигинде жаткан түз сызык. Ал төмөнкү касиетке ээ: ийри сызыктын каалаган чекитинен ийри сызыктын фокусуна чейинки r аралыктын, ошол эле чекиттен конустук кесилиштин тегиздигиндеги түз сызыкка чейинки d аралыгына болгон катышы турактуу жана эксцентриситетке барабар. Эллипс жана гипербола экиден директрисага, ал эми парабола бир директрисага ээ. Айлана үчүн директриса аныкталган эмес. «Директриса» түшүнүгүн Аполлоний Пергский (биздин заманга чейин. 2-кылым) киргизген. Ал эми азыркы «директриса» термини франциялык математик Г. Лопиталга (1720-ж.) таандык.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1