Дирилдек өзгөрткүч

Википедия дан

Дирилдек өзгөрткүч - электромехканикалык дирилдегич менен төмөнкү чыңалуудагы туруктуу токту жогорку чыңалуудагы туруктуу токко өзгөртүүчү электр аппараты.

Анын туруктуу ток булагына (көпчүлүгү 2,5-2,4 в чыңалуудагы электр аккумуляторго) мезгил-мезгили менен бириктирилген электромагнити үчүн контакттар бекитилген серпилгич пластинканы (якорду) термелтип дирилдетет. Якорь дирилдегенде, контакттар 5 (к. сүрөт) ток булагын кезеги менен трансформатордун 1-оромунун бирде биринчи жарымына, бирде 2-жарымына бириктирет. Натыйжада трансформатордун 2-оромунда жогорулаган өзгөрмө чыңалуу пайда болот да, ал контакт 4 менен бир белгпдеги пульеацияланган чыңалууга өзгөртүлөт.

Андан кийин чыңалуунун пульсациясы электр чыпкасы менен жөнгө салыыып, Дирилдек өзгөрткүчтүн чыгыш клеммаларында жогорку чыдалуудагы туруктуу ток алынат. 20-кылымдын 40-50-жылдарында Дирилдек өзгөрткүч чыгыш чыңалуусу 450 в жана кубаттуулугу 75 вт ка чейинкти электр тогунун булагы катарында чыгарылын, чакан габариттүү радиоаппаратурада колдонулган.

1900-жылдан Дирилдек өзгөрткүчтүн ордуна кубаттуу импульстук транзистор колдолунуп жатат. Радиотехникада төмөнкү чыңалууда иштөөчү транзисторлордун пайда болушу менен Дирилдек өзгөрткүчтөрдү жасоо бир кыйла азайды.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.