Дискриминатор

Википедия дан

Дискриминатор (лат. discrimino- белом, ажыратам) - электр сигналынын (кириштеги) текшерилүүчү параметрлеринин өзгөрүшүн чыналуунун уюлдуулугунун (чыгыштагы) өзгөрүшүнө айландыруучу түзүлүш.

Мында кирши сигналынын параметрлеринин (амплитуда, узактыгы, уюлдуулугу, жыштыгы, фазасы) мааниси сигналдын айрым булагынын параметрлеринин номиналдык мааниси менен салыштырылат. Натыйжада Дискриминатордун чыгышында чыңалуунун айырмасы пайда болот.

Дискриминатор амплитудалык, убакыттык, фазалык ж. б. болуп айырмаланат. Амплитудалык Дискриминатор номиналдык мааниден жогору (төмөн) болгон амплитудалуу сигналдарды гана өткөрөт.

Дискриминатор автоматика жана телемеханика түзүлүштөрүн автоматтык жөндөөдө, радио кабыл алгычтын жыштык жана фазалык детекторунда, ядролук физиканын, эсептөө техникасынын приборлорунда колдонулат

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.