Дислокация

Википедия дан

Дислокация (фр. dislocatio – жылышуу, оошуу) – 1) физикада – кристалл торчодогу атомдук тегиздиктердин ирети менен туура жайгашуусу бузулган сызыктуу кемтик (дефект). Дислокация кристаллдын өсүү процессинде, өскөн кристаллды механикалык деформациялоодо жаралат. Ал кристаллдын механикалык касиеттерине (бышыктыгы жана пластикалуулугу) жана башка физикалык касиетине таасирин тийгизет. Дислокациянын эки түрү болот: сызыктуу же чектик жана буралма. Чектик дислокация – атомдук тегиздиктин кристаллдын ичиндеги үзүлгөн четин бойлогон сызык. Атомдук тегиздиктер узатасынан тегерете буралып жылышкан сызыкты буралма дислокация дейт. Буралма дислокацияда атомдук тегиздиктин үзүлүшү болбойт. Мында бир атомдук тегиздик экинчисине буралма сызык боюнча өтөт. Атомдун атомго өтүшү буралма сызык боюнча жүрөт. Анда дислокация сызыгы эч убакта кристаллдын ичинде үзгүлтүккө учурабайт, ал же кристаллдын бетине чыгат, же илмек түрүндө туюкталат, же болбосо бир нече дислокацияга тармактанып кетет. Кристаллдын дислокацияланган жери серпилгичтүү чыңалышкан абалда болот. Чыңалыш аралыкка тескери пропорциялаш өзгөрөт. Кристаллдын дислокацияланган жерлеринин химиялык туруктуулугу начар болот. Тунук кристаллдагы дислокация полярлашуу микроскобу менен, тунук эмес кристаллдын дислокациясы суюк ойдургуч заттын аракети боюнча оптикалык микроскоп аркылуу байкалат. Ойдургуч заттар заттын дислокация болгон жерлерин эритип, оюп түшкөндүктөн, чуңкурчаны пайда кылат. Мындан тышкары, дислокация байкоо үчүн декордоштуруу ыкмасы колдонулат. 2) Тектоникада тоотек катмарларынын алгачкы жаткан абалынан козголуп өзгөрүшү. Ал жер кыртышындагы тектоникалык кыймылдардан, магманын аракетинен, метаморфизм жана экзогендик процесстердин (мөңгүлөрдүн жылышы, жер көчкү, карст, агын суу эрозиясы жана башка) таасиринен жүрөт. Дислокация жалпысынан бүктөлүү (пликативдүү) дислокация жана сынып ажыраган дислокация деп бөлүнөт. Бүктөлүү дислокация эки капталдан кысылган тоотек катмарларынын ар кандай түрдө жана көлөмдө ийилип бүктөлүшүнөн, сынып ажыраган дислокация тик ылдый же өйдө багыттагы күчтүн натыйжасында тоотек катмарларынын сынып ажырашынан пайда болот. Багыты боюнча радиустук (Жердин радиусуна жарыш тик багытталган күчтөн ылдый жылышуу) жана горизонттук же тангенстик (горизонт багыты боюнча болгон күчтөн туура же өйдө жылышуу) дислокация деп ажыратылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1