Диспансерлөө
Диспансерлөө — советтик саламаттык сактоонун негизги багыты болгон дарылоо жана алдын алуу ишинин негизги методдорунун бири.
Милдети
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Диспансерлөө ооруну жаңы башталган кезинде таап, врачтык көзөмөл жүргүзүү; калктын жана оорулуулардын айрым тобуна системалуу түрдө байкоо жүргүзүү; атайын каттоо, оорунун кабылдашынын алдын алуу үчүн өз убагында дарылоо жана алдын алуу иштерин жүргүзүү; адамдын ден соолугун, эмгекке жарамдуулугун калыбына келтирүү; диспансердик каттоодо тургандардын өндүрүш жана турмуш-тиричилик шартын текшерүү; оорунун көбөйүшүнө шарт түзгөн факторлорду жоюу иштерин камтыйт. Диспансердик системалуу байкоого оор өнөкөт оорулар (кургак учук, жүрөк-кан тамыр), карын жана он эки эли ичегинин жарасы менен ооругандар, жаңы төрөлгөн, мектеп жашына чейинки жана мектеп жашындагы балдар, 14—18 жаштагы өспүрүмдөр, кесипчилик-техникалык окуу жайынын окуучулары, кош бойлуу аялдар, спортсмендер, шахтёрлор, зыяндуу цехтерде иштеген жумушчулар, аскер кызматындагылар жана башка алынат. Диспансердик байкоо атайын адистештирилген диспансерлерде жана поликлиника мекемелеринде жүргүзүлөт.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8