Дисперсиялуулук

Википедия дан

Дисперсиялуулук(лат. dispersus – чагылган) – дисперсиялык системадагы бөлүкчөлөрдүн өлчөмүнүн мүнөздөмөсү (майдалануу даражасы). Заттар канчалык майдаланган болсо, алардын дисперсиялуулуктy ошончолук жогору, башкача айтканда дисперсиялык бөлүкчөлөрдүн диаметрлерине тескери пропорциялуу. Дисперсиялуулук бөлүкчөлөрдүн беттик аянтын көлөмүнө бөлүү менен аныкталат. Бөлүкчөлөрү бирдей өлчөмдөгү заттар – монодисперстүү, ар түрдүү өлчөмдөгүлөр полидисперстүү деп аталат. Ал – дисперсиялык системалардын эң негизги мүнөздөмөсү. Ага жараша заттардын физикалык, химиялык касиеттери өзгөрүлөт. Кесек дисперсиялык системаларга суспензия, эмульсия, түтүн, туман, тоо-кен бөлүкчөлөрү жана куймалар, ал эми микрогетерогендүү системаларга коллоиддик эритмелер кирет. Дисперсиялуулук пигменттерди, жер семирткичтерди, пестициддерди, дарыларды жана башка күкүм же бүртүк заттарды жасоодо жана пайдаланууда техникалык көрсөткүч катары чоң мааниге ээ болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1