Дисперсиялык система

Википедия дан

Дисперсиялык система– бир заттын чөйрөсүндө экинчи бир заттын майда бөлүкчөлөрү тегиз таралып жүргөн эки же андан көп компоненттерден турган система. Алар дисперсиялык фазалардан жана дисперсиялык чөйрөдөн турат. Мисалы, чаңдуу аба менен ылай сууда топурактын майда бөлүкчөлөрү – дисперсиялык фаза, ал эми аба менен суу – дисперсиялык чөйрө. Дисперсиялык фазаны пайда кылган бөлүкчөлөрдүн өлчөмүнө жараша кесек дисперсиялык система – (дисперсиялык фазаны түзгөн бөлүкчөлөрдүн өлчөмү 100 нмден чоң), жогорку дисперсиялык же колоиддик системалар (бөлүкчөлөрдүн өлчөмү 1 нм кичине болот) болуп бөлүнөт. Дисперсиялык фазаны түзгөн бөлүкчөлөрдүн өлчөмү а = 10–1–10–7 см же 1–100 нмге чейин өзгөрөт. Дисперсиялык чөйрөнүн агрегаттык абалы боюнча газ (аэрозолдор), суюк (золдор, суспензия, эмульсия, көбүк) жана катуу дисперсиялык системага бөлүнөт. Коллоиддик системаны алыш үчүн дисперсиялык фаза дисперсиялык чөйрөдө эрибеши, дисперсиялык фазанын өлчөмү тигил же бул дисперсиялык системага туура келүүсү, дисперсиялык фаза менен дисперсиялык чөйрөнү бири-бирине эритүү үчүн стабилизаторлорду кошуу керек. Дисперсиялык күкүм өтө майда болсо, дисперсиялык анализ менен аныкталат. Дисперсиялык системаны коллоиддик химия окутат. Бул системалар жаратылышта, техникада жана үй тиричилигинде кеңири таралган. Аларга курулуш материалдары, сырлар, тамак-аш азыктары, дары жана косметика заттары кирет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1