Дисперстик тутумдар

Википедия дан

Дисперстик тутумдар — бир зат чөйрөсүндө экинчи бир заттын майда бөлүкчөлөрү тегиз таралып жүргөн эки же андан көп компоненттен турган тутум. Алар дисперсиялык фазадан жана дисперсиялык чөйрөдөн турат. Мисалы, чаңдуу аба менен ылай сууда- топурак майда бөлүкчөлөрү дисперстик фаза, ал эми аба менен суу дисперсиялык чөйрө. Дисперстик фазаны пайда кылган бөлүкчөлөр өлчөмүнө жараша Д. с. үчкө бөлүнөт:

1. Кесек Д. с. ― дисперстик фазаны түзгөн бөлүкчөлөр өлчөмү 100 нм чоң болот. 2. Чыныгы эритмелер, мол. жана иондук тутумдар. Мындай тутумдарды түзгөн бөлүкчөлөр өлчөмү 1 нм кичине болот. Чыныгы эритмелер гомогендик тутум болгондуктан дисперстик фаза жана дисперстик чөйрөгө бөлүнбөйт. 3. Коллоиддик Д. с. дисперсиялык фазаны түзгөн бөлүкчөлөр кесек болуп,кесек Д. с. менен чыныгы эритмелер ортосунан орун алган. Дисперстик фазаны түзгөн бөлүкчөлөр өлчөмү а = 10-1-10-7 см же 1-100 нм чейин өзгөрөт. Эгерде эритме менен Д. с. салыштырсак, анда төмөндөгүдөй окшоштукту байкайбыз: эритме = эриген зат + эриткич , Д.с. = дисперстик фаза + дисперсиялык чөйрө. Аэрозоль = катуу же суюктук + газ. Эмульсия = суюктук + суюктук. Көбүктөр = газ + суюктук; газ + катуу зат. Суспензия = катуу зат + суюктук.

Коллоиддик Д. с. алыныш шарттары: 1. Дисперстик фаза дисперсиялык чөйрөдө эрибеши керек. 2. Дисперстик фазанын өлчөмү тигил же бул Д. с. туура келет. 3. Дисперстик фаза менен дисперсиялык чөйрөнү бири-бирине эритүү үчүн стабилизаторлор-дифилдүү мол-луу заттар кошулушу зарыл. Дисперстик бөлүкчөлөрү өтө майда болгондуктан дисперстик анализ менен аныкталат. Д. с. коллоиддик химия окутат. Бул тутумдар жаратылышта, техн. жана үй тиричилигинде кеңири таралган.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Химия: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6