Дисперстүүлүк (Химия)

Википедия дан

Дисперстүүлүкдисперстик системадагы бөлүкчөлөр өлчөмүнүн мүнөздөмөсү. Заттар канчалык майдаланган болсо, алардын Д. ошончолук жогору, б. а. дисперстик бөлүкчөлөр диаметрлерине тескери пропорциялуу. Д. бөлүкчөлөр беттик аянтын көлөмүнө бөлүү менен аныкталат. Бөлүкчөлөрү бирдей өлчөмдөгү заттар монодисперстүү, ар түрдүү өлчөмдөгүлөр полидисперстүү деп аталат. Д. –дисперстик системалар эң негизги мүнөздөмөсү. Д. жараша заттар физ. хим. касиеттери өзгөрүлөт. Кесек дисперстик системаларга суспензия, эмульсия, түтүн, туман, тоо-кен бөлүкчөлөрү жана куймалар, ал эми микрогетерогендүү дисперстик системаларга коллоиддик эритмелер кирет. Д. пигменттер, жер семирткичтер, пестициддер, дарылар жана башка күкүм же майда тоголок заттар жасоодо жана пайдаланууда техникалык көрсөткүч катары чоң мааниге ээ болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]