Дисплей

Wikipedia дан

Монитор.

Англисче аталышы[оңдоо]

Monitor

Түшүндүрмө[оңдоо]

Телевизорго окшош, ал экран деп аталган чагылдыруучу беттен жана радио деталдар жайгашкан пластмасса же металл кутудан турат. Бетине көрсөтүүчү же чагылдыруучу түзүлүштөр экран (screen) деп аталат. Кээде электрондук нур түтүкчөсү деген эски термин монитор же терминал үчүн да колдонулат. Электрондук нур түтүкчө монитор же терминалдын ичиндеги чоң түтүкчө. Түтүкчөнүн алды жагы чагылдыруучу бет же экран болот. Түстүү мониторлор текстти жана графикти түстүү кылып көрсөтөт, алар компьютерлердин бардык тибинде кеңири колдонулат, себеби бүгүнкү күндөгү програмдык жабдыктар түстүү маалыматтарды чагылдырууга багытталып иштелип чыгууда. Монитордо бир учурда көрсөтүлө турган түстөрдүн саны тактада орнотулган видео адаптердин эсинин көлөмүнө жараша болот. Түстүү мониторлор 16 миллиондон ашык түстөрдү көрсөтүүгө жөндөмдүү. Монитордо сүрөттөлүштөрдү көрсөтүүдө чекитти жандыруу модели колдонулат.

Колдонулган адабияттар[оңдоо]

Компьютер жана интернет: Энциклопедиялык окуу куралы, У.Н. Бримкулов, А.С. Өмүралиев, В.Ф. Бабак, Бишкек 2004. ISBN 9967-14-014-3