Дистен
Дистен (гр. di - эки жана гр. sthenos - күч), кианит - силикаттар классына кирүүчү минерал.
Хим. формуласы Al20Si04. Триклин системасында кристаллданат. Өңү көгүш, жашыл, бозомтук, агыш; чопо жана көмүрлүү зат аралашуусунан кээде кара түстө болот.
Катуулугу Моос шкаласы боюнча 4,5-7. Салышт. салм. 3,56- 3,67. Кристаллдуу сланецтерде кезигет.
Дистен отко жана кислотага, жегичтерге туруктуу буюмдарды ж. б. даярдоодо, кремний менен алюминийдин куймасы (сплавы) - силуминди алууда пайдаланылат. Ири кени Кола жарым аралында бар.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.