Дистилляция

Википедия дан

Дистилляция (лат. distillatio – тамчылап агуу) – түрдүү курамдагы суюк аралашмаларды буулантуу жолу менен фракцияларга бөлүү процесси. Дистилляция аралашманын компоненттеринин кайноо температурасынын түрдүү болушуна негизделген. Суюктукту буулантып, кайрадан конденсациялоо аркылуу жүргүзүлөт. Буулантуунун негизинде буу фазасы төмөнкү температурада кайнай турган, ал эми конденсат фазасы жогорку температурада кайнай турган компонент менен байыйт. Компоненттердин физикалык касиеттерине жараша бир нечеге бөлүнөт. 1. Жөнөкөй дистилляцияда суюк аралашманы кайнатканда тез кайноочу компоненттер бууланып, конденсацияланып, түтүк менен чогулткучка тамчылайт. Буудан чогулган суюктук конденсант же дистиллят деп аталат. 2. Фракциялык дистилляция кайноо температурасы бири бирине жакын болгон суюк аралашманы фракцияларга бөлүүдө пайдаланылат. 3. Тең салмактуулук дистилляцияда суюктук бууланып, фазалык тең салмактуулукка чейин буу суюктуктун үстүндө болот. Тең салмактуулук абалга жакын болгон буу менен суюктуктун аралашмасы сепаратордо бөлүнөт. Буу сепаратордон конденсаторго келип, дистиллят чогулткучка куюлат. 4. Суу буусунун жана инерттүү газдын агымындагы дистилляция менен жогорку температурага чыдамсыз компоненттерди бөлүп, буулануу процессинин температурасын төмөндөтүү жана төмөнкү температурада буулануучу затты жогорку температурада буулануучу компоненттен ажыратат. 5. Молекулалык дистилляция суюк аралашмалардын кайноо температурасынан төмөнкү температурадагы вакуумда эркин буулантып бөлүүгө негизделген. Ал ири молекулалуу жана жылуулукка чыдамсыз органикалык заттарды бөлүү жана тазалоодо, Мисалы, эфирлерди стеарин, олеин жана башка кислоталардан тазалоо; балык жана өсүмдүк майларынан витаминди бөлүү, медициналык дары-дармек жана башка алууда колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1