Мазмунга өтүү

Дистрибьютор

Википедия дан

Дистрибьютор (англ. distributor ) – белгилүү товар өндүрүүчү менен узак мөөнөткө түзүлгөн келишимдин негизинде сатылып алынган товарларды сатууну ишке ашыруучу дүң соода уюму. Д. товарларды өз атынан жана өз эсебинен сатып алат жана сатып өткөрөт. Кээде Д. өз адистеринин күчү менен товарларды техникалык узатууну камсыз кылат. Д. менен өндүрүүчүнүн ортосунда түзүлгөн келишим аралаш мүнөздө болот да, улуксат келишимдеринин франшиздин (коммерциялык концессиянын) милдеттенмесин өзүнө камтыйт.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]