Дифицеркалдык сүзгүч

Википедия дан

Дифицеркалдык сүзгүч - балыктардын куйрук сүзгүчтөрүнүн бир тиби. Татаал түзүлүштүү балыктардын сүзгүч тарсылдагынын пайда болушу менен бирге гомоцеркалдык (сөөктүү балыктар) же дифицеркалдык - экинчилик симметриялык куйрук сүзгүчү пайда болгон (кош дем алуучу балыктарда).

Жумуртканын бытырап бөлүнүшү - уруктанган жумуртканын бир нече иреет митоздук бөлүнүшү. Мунун натыйжасында жумуртка көлөмүн чоңойтбостон майда клеткаларга - бластомерлерге бөлүнөт.

Ж. б. б. мүнөзү, жүрүшү жумуртканын сарысынын саны менен жайгашына жараша болот. Цитоплазмадагы сарысы аз жана текши жайгашкан жумурткалардын (гомолециталдык жумурткалар - баш сөөксүздөрдө, ийнетерилүүлөрдө, татаал түзүлүштүү айбанаттарда) бытырашы толук жана текши өтөт. Телолециталдык (сарысы анималдык уюлда жайгашкан айрым муунак буттуулар, моллюскалар, балыктар, жерде-сууда жашоочулар, сойлоктор, канаттуулар, жөнөкөй түзүлүштүү айбанаттарда кездешет) же центролециталдык (муунак буттуулардын жумурткалары) жумурткалардын сарысы цитоплазманын үстүнкү жука катмарынан башка толугу менен ээлейт, бөлүнүү чала жана бирдей эмес өтөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]