Дифференциал тендемелердин сапаттык теориясы

Википедия дан

Дифференциал тендемелердин сапаттык теориясы - математиканын бир бөлүмү; дифференциал тендемелерди чыгарбай эле алардын чыгарылыштарынын касиеттерин изилдеди.

Дифференциал тендемелердин чыгарылыштарын дайыма так табууга мүмкүн болбогондуктан Дифференциял тендемелердин сапаттык теориясы колдонулат.

Аны негиздөөчүлөр - А. М. Ляпунов менен А. Пуанкаре. Советтик математиктер А. А. Андронов, Н. Н. Боголюбов, Н. М. Крылов жана В. В. Степановдордун да салымы чоң.

Дифференциял тендемелердин сапаттык теориясынын негизги бөлүктөрү - сызыктуу жана сызыктуу эмес проблемалар, чыгарылыштардын параметрлерге көз карандылыгы. Сызыктуу проблемаларда сызыктуу дифференциал теңдемелердин системасы же бир эле теңдеме каралат.

Дифференциял тендемелердин сапаттык теориясында ушундай тендемелердин чыгарылыштарынын асимпто- талык озгерүшү, коэффиценттерине жараша чыгарылыштарынын шарты жана дифференциал тендемелердин чыгарылыштарынын нөлдөрү изилденет. Сызыктуу эмес проблемаларда тендемелер системасынын чыгарылышынын Ляпунов туруктуулугу жана мезгилдүү чыгарылыштары каралат.

Дифференциял тендемелердин сапаттык теориясынын эң маанилүү маселеси - интегралдык ийри сызыктарды изилдөө. Чыгарылыштардын параметрлерге көз карандылыгында теңдемелердин оң жактары көз каранды болгон параметрдин өзгөрүшүнө жараша мезгилдүү чыгарылыштардын сакталуу маселеси изилденет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.