Дифференциал топологиясы

Википедия дан

Дифференциал топологиясы топологиянын дифференциалдык көп түспөлдүктөр жана дифференциалдык чагылдыруулар теориясынын топологиялык проблемаларын изилдөөчү бөлүмү. Дифференциал топологиясын системалуу изилдөөнү 19-кылымдын аягында франциялык математик А. Пуанкаре баштаган, бирок ал мезгилде бул программаны иш жүзүнө толук ашыруу мүмкүн эмес болгон. Дифференциал топологиясын негиздөө 20-кылымдын 30-жылдарында гана ири математиктердин изилдөөлөрү менен иш жүзүнө ашкан. 20-кылымдын 60-жылдарында Дифференциал топологиясынын ыкмалары аркылуу топологиянын бир катар негизги маселелери чечилди. Чыныгы көп түспөлдүктөрдү мүнөздөөчү класстардын топологиялык инварианттары аныкталды. Дифференциал топологиясынын өзгөчө багыттары – геодезиялык көп түспөлдүктөрдүн функционалдарынын экстремалдык теориясы жана катмарлар теориясы.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1