Диффузионизм

Википедия дан

Диффузионизм - 19-к. аягында эволюциялык теориянын методологиялык кризисинин натыйжасында пайда болгон этнология илиминдеги жаңы багыттардын бири. Бул багытты жактооочулар маданияттын жана анын айрым элементтеринин жаңы аймактарга таралышын, алардын пайда болгон аймагын табуу, алардын таралыш жолдорун жана ыкмаларын реконструкциялоо максатын коюшкан.

«Диффузия» (лат. Diffusio - таркалуу) түшүнүгү физикадан алынган, «агылып таралуу», «агылып кирүү» маанисинде колдонулат. Этнологияда диффузия деп маданияттын соода, көчүү, согуштук жеңип алуу аркылуу таралуусун түшүнүшкөн. Илимий багыт катары диффузионизм маданияттагы өз ара алакаларды, байланыштарды, башка элдерден алып өздөштүрүүнү жана башка элдерге таралууну тарыхый процесстин эң башкы мазмуну катары карайт. Эволюционисттердин окшош шарттарда окшош маданияттар өз алдынча пайда болуп өнүгөт деген идеясына диффузионистер маданият элементтери уникалдуу түрдө бир аймакта пайда болуп, кийин башка аймактарга тарайт деген идеяны каршы коюшат. Бир кыйла мыкты маданий ойлоп табуулар алгач бир географиялык чөйрөдө пайда болот жана бүт дүйнөгө стихиялык түрдө таралат. Бул көз караштан алганда адам маданияттын жаратуучусу эмес, ээлөөчү гана болуп калат. Маданияттын таралуусунда жеңип алуу, колониялаштыруу, миграция, ыктыярдуу тууроо, соода ж.б. чоң мааниге ээ болот.

Диффузионизмдин бир кыйла ырааттуу эмгектенген өкүлү Ф. Гребнер болгон. Ал материалдык жана рухий маданияттагы кубулуштар тарыхта бир гана жолу, бир гана жерде пайда болот жана дүйнөгө ошол борбордон тарайт деп эсептеген. Маданий ойлоп табуулар алгач пайда болгон борбордон алыстаган сайын башка элдерге өзгөргөн түрдө жетет. Ф.Гребнер «маданий чөйрөлөр» теориясын түзгөн. Маданий жаңылыктар бир чөйрөдө пайда болот жана аны менен кошо бүт дүйнөгө таралат. Ал баары болуп алты «маданий чөйрөнү» бөлүп көрсөткөн. Диффузионизм теориясында бир канча агымдар жана мектептер: тарыхый-географиялык багыт (Э.Норденшельд), маданий-тарыхый мектеп (Ф.Гребнер, В.Шмидт), антропогеографиялык мектеп (Л. Фробениус), маданий ареалдар теориясы (Э.Сепир, М.Херсковиц) болгон.

Диффузионизмдин негизги идеялары:

  • маданият белгилүү бир географиялык шартта пайда болуп өнүгө турган тирүү организм; маданияттын ар бир элементи бир аймакта жаралып, башка аймактарга тарайт;
  • материалдык, рухий маданияттын өнүгүшүнүн негизги фактору өздөштүрүү, таратуу болуп саналат;
  • ар бир маданияттын жаралуу жана таралуу борбору бар; ал борборду табуу этнологиянын негизги милдети;
  • таралуунун маданий чөйрөлөрүн, маданият элементтерин иликтөө маданиятты изилдөөнүн методу болуп саналат;
  • маданияттын ар бир элементи бир жолу гана пайда болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]