Диффузор

Википедия дан

Диффузор - 1) аэрогидродинамикада каналдын (түтүктүн) газ, суюктук агымдарынын ылдамдыгы азайып, басым жогорулоочу кең бөлүгү. Диффузор аэродинамикалык түтүктөрдө, суу түтүктөрүнө, аба-реактивдүү кыймылдаткычтын күйүү камерасына аба, газ, нефть, суу кирүү алдында аба агымын токтотуу үчүн колдонулат. 2) Фототехникада өчүп бараткан сүрөттүн фотографиясын алууда колдонулуучу квадрат тордуу айнек пластинка. Ал фотоаппараттын же сүрөт чоңойткучтун объектисине бекитилет. 3) Электр акустикасынд а добуш чоңойткучтун акустикалык берүүсүн көбөйтүү үчүн конус формасындагы кагаз мембрана. 4) Тамак-аш өнөр жайында майдаланган катуу материалдан экстракция жолу менен сиңимдүү заттарды бөлүп алуучу аппарат. 5) Чопо өндүрүшүндө майдаланган бокситти суу агымы менен жегичтен арылтуучу аппарат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]