Диэлектриктер

Википедия дан

Диэлектриктер - электр тогун начар өткерүүчү заттар.

Электр тогун еткөрбөгөн заттарды аташ үчүн Диэлектриктер терминин илимге М. Фарадей киргизген (1839). Бардык заттар электр тогун өткөрүүсүнө жараша өткөргүчтөр, өткөрбөгүчтөр (Диэлектриктер) жана жарым өткөргүчтөргө бөлүнөт. Электр талаасындагы ар кандай заттарга электр талаасынын күчү таасир этет. Сырткы электр талаасынын аракети аркасьнда заряддардын белгилүү багытта кыймылдашынан электр тогу пайда болгон заттар өткөргүчтөр деп аталат. Аларга металлдар, электродиттер жана плазма кирет. Эгер электр талаасы затка таасир эткенде анын он жана терс заряддары бир бирине карата жылышып кайра бөлүнүшсө, заттын поляризациясы деп аталат. Сырткы электростатикалык таяга Диэлектриктерде поляризация кубулушун пайда кылат.

Диэлектриктер табиятта 3 агрегаттык абалда - катуу, суюк жана газ түрүндө кезигет. Катуу Диэлектриктерге эбонит, табигый кварц, полиэтилен, слюда, электрофарфор, мрамор ж. б. кирет. Диэлектриктердин электр өткөргүчтүгү металлдарга Караганда өтө аз жана анын салыштырма каршылыгы р = 108-1017 ом-см, металлдардыкы р -10-6-10-4

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.