Диэтил эфири

Википедия дан

Диэтил эфири С2Н5-О-С2Н5, мол. массасы 74,12; өзүнө мүнөздүү жыты бар түссүз суюктук. Кайноо t 34,5оС. Сууда (6,5 %, 20оС), этанолдо, бензолдо жана башка орг. эриткичтерде эрийт. Суу менен азеотроптук аралашманы пайда кылат. Хим. касиеттери б-ча Д. э. - кадимки алифаттык жөнөкөй эфир. Начар негиздик касиеттерге ээ жана күчтүү к-талар таасири менен туруктуу эмес оксоний туздарына айланат. Мис.,

С2Н5ОС2Н5 + НBr «  [(C 2H5)2OH]+Br-- Льюис к-талары менен туруктуу комплекстерди пайда кылат, мис., бор трифториди эфираты (С2Н5)2OBF3. Ө. ж-да Д. э. кошумча продукт катары этил спиртин алууда, H3PO4 же H2SO4 (96-98% ) катышуусу менен 65-750С жана 2,5 МП этиленди гидратташтыруудан алынат. Н+ Н2О

СН2 =СН 2 –® СН3СН2+ ——®

-Н+

СН3СН2О+Н2 —® СН3СН2ОН

¯Н2SO4®H3CH2OSO2OH® (CH3CH2O)2SO2 Д. э. негизги бөлүгү этилсульфаттар гидролизинин стадиясында (95-100оС, 0,2 МПа) пайда болот.

2СН3СН2OSO2OH + H2O ® (C2H5)2O + 2H2SO4 (CH3CH2O)2SO2 + H2O ® (C2H5)2O + H2SO4

Эфир максималдуу чыгышы бир аз суюлтулса жана этиленден өткөрсө 7 % чейин жетет. Д. э. практикада целлюлоза нитратына, жаратылыш жана синтетикалык чайырларга, алкалоидге эриткич, айрым бир заттарга экстрагент, мед-да анестезиялоочу каражат катары колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]