Диңсе

Википедия дан

Диңсе — кымбат баалуу таштар. Кытай, моңгол жана алардын кол алдындагы айрым элдерде төрөлүк даражаны билдирүүчү белги катары баш кийимге тагылган. Төрөлөрдүн кызмат даражасына жараша ар кыл түрдөгү жана түстөгү Д-лер колдонулган. Мисалы, кандар, княздар биринчи баскычтагы (алты даража) төрөлөр, тайчы, табунандар сары, кызыл лаал таштарды, андан кийинки баскычтагылар көк, көгүлтүр түстүү маржан, жакуттарды, тоо хрусталын, тунук түстүү асыл таштарды тагынышкан. "Манас" эпосунда моңгол, кытай кейипкерлерин сүрөттөөдө жолугат: "таш сайынган калмактын тазаларын бир бөлүп" делет.

Кыз-келиндердин жекей, шөкүлө сыяктуу аземделген баш кийимдериндеги кооздук — отого менен катар колдонулат: "Отого диңсе, шөкүлө Оолжута кийгизип, Он тобурчак мингизип..."

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4