Дмитриев Николай Константинович

Википедия дан

Дмитриев Николай Константинович [16 (28). 8. 1898, Москва – 22. 12. 1954, ошол эле жер] – тилчи, түрколог. СССР ИАнын корреспондет мүчөсү (1943), РСФСР ПИАнын академик (1945). Ленин град (1925–41), Москва (1929-жылдан) университеттеринин профессору, Түркмөн ССРи жана Башкырт, Чуваш АССРлеринин илимге эмгек сиңирген ишмери. Илимий эмгектеринде түрк тилдеринин грамматикалык түзүлүшүн, фонетикалык системасын, лексикасын, диалектологиясын изилдеген. Түркологиянын тарыхы, түрк фольклору, орус тилин окутуунун методикасы, түрк жана славян тилдеринин өз ара карым-катышы боюнча илимий-изилдөө жүргүзгөн. «Кумык тилинин грамматикасы» (1940), «Башкырт тилинин грамматикасы» (1948) жана башка көлөмдүү илимий эмгектери бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1