Дмитрий Пожарский

Википедия дан

Дмитрий Михайлович Пожарский (1. 11. 1578-20(30). 4. 1642, Москва, сөөгү Суздалга коюлган) - князь, Россиянин мамлекеттик жана аскер ишмери.

  • Иван Болотников башында турган дыйкандар согушун (1606-07) басууга жана 1608-10-ж. В. И. Шуйскийдин Жалган Дмитрийдин отряды менен болгон согушуна катышкан. 1610- жылдан Зарайскиде аскер башчы.
  • 1-элдик кошуунга жана поляк-литва интервенттерине каршы Москвадагы көтөрүлүшкө катышып, 1611-жылдын аягында Кузьма Минин менен бирге 2-элдик кошуунду жетектеген.
  • 1612-жылдын аягынан 1613-жылдын башына чейин убактылуу өкмөттү башкарган.
  • 1615-16-ж. интервенттердин чабуулуна каршы согушка катышкан.
  • 1628-30-ж. Новгороддо аскер башчы.
  • 1804-18-ж. Москвадагы Кызыл аянтта Пожарский менен Кузьма Мининге эстелик тургузулган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.