Дмитрий Фурманов

Википедия дан

Фурманов Дмитрий Андреевич (26. 10 (7. 11). 1891, Кострома губ., Середа кыш., азыркы Иванов обл., Фурманов ш. - 15. 3. 1926, Москва) - орус совет жазуучусу.

1912-14-ж. Москва университетинде окуган. 1917-18-ж. эсермаксималист, кийин - анархист. Иваново-Вознесенскиде революциялык кыймылга катышкан. 1919-21-ж. Гражд. согушта (Чапаев дивизиясынын комиссары, Түркстан фронтунун саясий башкармасынын начальниги ж. б.) болгон. Верныйдагы (Алматы) антисоветтик козговрангелчил десанттын козголоңун басууга жетекчилик кылган. 1921-жылдан Москвада жашап, 1924-ж. 1-Москва университетинин коомдук илимдер ф-тин бүтүргөн. Чыгармалары 1912-жылдан жарыялана баштаган. «Кызыл десант» (1922), «Он сегизинчи жылы» (1923) повесттерин, «Чапаев» (1923) жана «Козголоң» (1925) романдарын, M. В. Фрунзе жөнүндөгү (1925) жана Гражд. согуш темасындагы очерктерин жазган. «Чапаев» - 20-жылдардагы советтик прозанын мыкты үлгүлөрүнүн бири. Фурмановдун көркөм чыгармалары, адабият боюнча макалалары социалисттик реализмдин калыптанышына кыйла таасир эткен. Чыгармалары көп тилдерге (а. и. кыргыз тилине) которулуп, экрандаштырылган. Г. жана С. Васильевдердин «Чапаев» кинофильми дүйнөлүк атак алган. Кызыл Жылдыз ордени менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4