Днепр көмүр бассейни

Википедия дан

Днепр көмүр бассейни Украинадагы бөлөк-бөлөк жайгашкан көптөгөн кендерди бириктирип турат. 1915-жылдан үзгүлтүксүз, 1946-жылдан ургаалдуу казып алынууда. Аянты 150 миң км2. 200 м тереңдикке чейинки жалпы геологиялык запасы 3,6 млрд т. Көмүр 55 м калыңдыктагы палеогендин тоотек катмарларында жатат. Көмүрдүн техникалык тобу Б I. Күйгөндө 8,8–9,0 МДж/кг жылуулук берет. 1979-ж. карьерден 10,2 млн т көмүр казып алынган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1