Мазмунга өтүү

Добролюбов Николай Александрович

Википедия дан

Добролюбов Николай Александрович – (24. 1(5. 2). 1836, Нижний Новгород 17(29). 11. 1861, Петербург) орус адабий сынчысы, публицист, революционер-демократ. Диний семинарияда (1838-53) окуп, 1857-жылы Петербургдагы педагогикалык институтту бүтүргөн. Студент кезинде жашырын ийрим уюштуруп, «Слухи» деген колжазма гезит чыгарган жана институттун реакциячыл администрациясына каршы студенттердин күрөшүн жетектеген. «Н. И. Гречтин 50 жылдык юбилейине» (1854), «Николай I өлүмүнө ода» (1855) жана башка революциялык маанайдагы ырларын жазган. 1856-жылы Н. Г. Чернышевский, кийин Н. А. Некрасов менен таанышып, «Современник» журналында алар менен кызматташкан. 1858-жылы жарыяланган «Орус адабиятынын өнүгүшүндө элдүүлүктүн катышы тууралуу», «Улуу Пётрдун падышачылыгынын алгачкы жылдары», «Жеребцов ойлоп тапкан орус цивилизациясы» өңдүү макалаларында Добролюбовдун адабий-эстетикалык, тарыхый жана философиялык көз караштары айкын көрүнгөн. 1859-60-жылы жарык көргөн адабий сын макалаларында («Обломовчулук деген эмне?», «Караңгы дүйнөдөгү жарык шоола», «Чыныгы күн качан келет?») Россияда өкүм сүргөн деспотизмге, наадандыкка, крепостной түзүлүшкө каршы чыккан. В. Г. Белинский менен Н. Г. Чернышевскийдин эстетикалык принциптерин чыгармачылык менен өнүктүргөн. Көркөм чыгармаларга талдоо жасоодогу өз ыкмасын «реалдуу сын» деп атап, талантынын бүткүл күчүн адабияттагы реалисттик жана элдүүлүк принциптерин, жарандык идеяларын коргоого жумшаган. Чернышевский менен катар Добролюбов да Россиядагы дыйкандар революциясынын жарчысы болгон. Россиянын артта калуу себебин монархиялык түзүлүштөн, крепостной системадан көргөн. Айрым макалаларында («Роберт Оуэн жана анын коомду өнүктүрүүгө жасаган аракеттери» жана башка) крепостнойлук түзүлүшкө караганда капитализм прогрессчил экенин көрсөтүп, бирок Россия үчүн экономикалык өнүгүүнүн эмгекчилер капитализмдин эзүүгө дуушар болбогондой башка жолун табууга умтулган. Ал тарыхый эмгектеринде тарыхты жаратуучулар жана анын негизги кыймылдаткыч күчү эл массасы деп эсептеген. Тарыхый өнүгүштүн мыйзамченемин тааныган. Добролюбовдун адабий чыгармачылыгы орус адабий сынынын, эстетикасынын жана публицистикасынын тарыхында терең из калтырган. Сынчынын эстетикалык принциптери, көз караштары кыргыз адабий сынынын өсүшүнө таасирин тийгизген. Айрым адабий сын макалалары кыргыз тилине которулган.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]