Добул

Википедия дан

Добул — үстү алкакка керилген, төөнүн терисинен жасалган анча чоң эмес, урма музыкалык аспап, добулбас менен доолдун бир түрү. Ал колго алып жүрүп да, атчан жүргөндө ээрдин кашына илип коюп да ойнолгон. Бул байыркы аспап өзбектерге, тажиктерге чиндаул, казактарга, уйгурларга даулпаз деген аттарда тараган. Булар Д. менен жасалышы, аткарылышы жагынан өтө окшош. Д-дун "Манаста" башка аспаптардай эмнеден жасалганы айтылбаса да, ар дайым колдонулганы жөнүндө кеңири айтылат. Жоокерлер жоого аттанганда кабар берүүчү, жар салуучу жана башка билдирүүчү аспап катарында колдонулган. Эпос боюнча Манас көк асаба туу алып, көк жаңырган чуу салып, сандаган кол менен жоого аттанганда "Добул согулуп күңгүрлөп, Сел жүргөндөй күркүрөп, Өрт күйгөндөй дүркүрөгөн". Ал эми "Ордого добул согулса, Ойроттун баары чогулган" (Сагымбай Орозбаков, 2. 74). Бул жерде Д. калайык калкка кабар берип, эл чогулткан аспап катарында сүрөттөлсө да койчагыр үнү чаңырып, бараң мылтык бадырап атылып, кан төгүлүп жаткан учурда да "басылбай добул дабыраган". Мындай учурда Д. жоокерлердин кайратына кайрат, эрдигине эрдик кошуп, тайманбастыкка, тартынбастыкка, жеңишке үндөгөн. Ал эми Д. кагылганда Манастын кырк чоросу чабуулга аттанып, согуш ачышкан. Ал жөнүндө: "Кыйкырып добул кагышы Кырк баатырдын баарысы Кыямат кайым салышы" (Сагымбай Орозбаков, 2. 85),— деп сүрөттөлөт. Д. куш салганда суу куштарын үркүтүү, учуруу үчүн да колдонулган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4