Добулбек Алымкулов

Википедия дан

Алымкулов Добулбек - (25. 5. 1930-ж. туулган, Чүй облусу, Сокулук району, Төшбулак айылы) - патофизиолог, медицина илимдеринин доктору (1973), профессор (1984). КРнын илимге эмгек сиңирген ишмери. (1989). КММИни бүтүргөн (1955). КММИде ассистент, кафедра башчысы, Кыргыз акушерлик жана педиатрия ИИИунда бөлүм башчы, Курортология жана физиотерапия илимий-изилдөө институтунун директору (1975-84), Кыргыз ССР ИАнын Бийик-Тоо физиологиясы жана эксперименттик патология институтунун директору (1984-86). 2001-жылдан КРСУнун профессор Кыргыз курортология жана калыбына келтирүү илимий-изилдөө институтунун директору (1991-96). 2003-жылдан КММАда кафедра башчы. Илимий эмгектери балдардын ден соолугун чыңдоо, жаратылыш факторлорунун организмге тийгизген таасирин жана табияттын дарылык касиетин изилдөөгө арналган. Эмгек Кызыл Туу ордени жана медалдар менен сыйланган. Эмгектери: Резистентность детского организма в горных условиях (в соавторстве). Ф., 1983; Биологические и медицинские аспекты использования природных ресурсов в Исык-Кульско-Чуйском районе (в соавторстве) Ф., 1988; Кыргыз жергеси ден соолуктун булагы. Б., 1992.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]